Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

[Солдон оңго] Марсело, Ёмара жана Хивер. Брайл арибинде чыккан испан тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосун» кармап турушат

Сүйүүгө чулгангандар

Сүйүүгө чулгангандар

ГВАТЕМАЛАДАГЫ бир кичинекей кыштакта Ёмара менен эки иниси — Марсело жана Хивер — турушат. Ёмара Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Убакыттын өтүшү менен эки иниси да ага кошулган. Бирок алардын алдында бир тоскоолдук турган. Үчөөнүн тең көзү көрчү эмес жана Брайл арибинде да окуй алышчу эмес. Ошол себептен абзацтарды жана аяттарды аларга Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген Жахабанын Күбөсү окуп берчү.

Алар жыйналышка бара баштаганда дагы бир кыйынчылыкка туш болушкан. Жакын жердеги Падышалык залына 40 мүнөт жол жүрүүгө туура келген. Алар ал жакка өз алдынча бара алышчу эмес. Ошондуктан жыйналыштагы бир туугандар аларды жолугушууларга алпарып, алып кетип турушкан. Үчөө иш күндөрүндөгү жолугушуудан тапшырмалар менен чыга баштаганда, жыйналыштагылар аларга материалды жаттап алганга көмөк көрсөтүшчү.

2019-жылы май айында жыйналыш алар жашаган айылда өткөрүлө баштаган. Ага чейин ошол айылга үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылган бир жубайлар көчүп барышкан. Алар үч бир тууганга Брайл арибинде окуганды, жазганды үйрөтөбүз деп максат коюшкан. Жубайлар Брайл арибин өздөрү деле билчү эмес. Ошентсе да тигилерге жардам бергенге бел байлашкан. Экөө Брайл арибин жана аны башкаларга үйрөтүүнүн ыкмаларын өздөштүрүш үчүн китепканага барышкан.

Марсело жыйналышта жооп берип жатат

Көзү көрбөгөн үч бир тууган Брайл арибин бат эле илип алышкан. Буга бир нече эле ай кеткен. Мунун аркасында алар рухий ийгиликтерди кылышкан a. Учурда Ёмара, Марсело жана Хиверлер үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылышат. Марсело — кызмат жардамчысы. Үчөө тең дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин Кудайдын кызматы менен алек. Алардын ынтасы башкаларга да жугуп жатат.

Ёмара, Марсело жана Хивер жыйналыштагылардын аларды сүйүүсүнө бөлөгөнүнө абдан ыраазы. «Жахабанын Күбөлөрүнө жолуккан күндөн тартып алар бизди сүйүүсүнө чулгашты»,— дейт Ёмара. Марсело болсо: «Жыйналышта сонун досторубуз бар. Биз сүйүүгө толгон эл аралык боордоштуктун мүчөсүбүз»,— деп кошумчалайт. Ёмара менен инилери бейишке айланган жерди өз көзү менен көрө турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышат (Заб. 37:10, 11; Ыш. 35:5).

a «Брайл арибинде окуганды үйрөнүү» деген китепче азиздерге жана көзү начар көргөндөргө Брайл арибинде окуганды жана жазганды үйрөтүү максатында чыгарылган.