Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иттеримди өзүнө тарткан текче

Иттеримди өзүнө тарткан текче

АКШнын Орегон штатында жашаган Ник мындай дейт: «2014-жылдын жаз айы эле. Эки кичинекей итимди алып алып өзүм жашаган калаанын борборунда сейилдеп жүргөм. Ошол жерде Жахабанын Күбөлөрү адабият текчесинин жанында кабар айтып турушчу. Алар жакшынакай, тыкан кийинип алышып, ары өткөн бери өткөндөргө жылмайып, учурашар эле.

Жахабанын Күбөлөрү элге эле эмес, эки итиме да жакшы мамиле кылышчу. Бир күнү текченин жанында турган Илайн деген аял эки итиме таттуу-паттуу берип калды. Ошондон кийин текченин жанынан өткөн сайын иттерим дагы бир нерсе үмтөтүп ошол жакты көздөй эле жулуна беришчү.

Ошентип, арадан бир нече ай өттү. Иттериме таттуу жеген жакса, мага болсо Жахабанын Күбөлөрү менен бир аз сүйлөшкөн жакчу. Бирок алар менен көпкө сүйлөшкөндөн бир аз кооптоно берчүмүн. Анткени өзүм 70тен ашып калган элем. Алардын эмнеге ишенерин да билчү эмесмин. Анын үстүнө, динден көңүлүм калгандыктан Ыйык Китепти өз алдынча эле окуганым туура болот деп ойлочумун.

Шаардын башка жактарынан да текченин жанында кабар айтып жаткан Жахабанын Күбөлөрүн кезиктирип калчумун. Качан көрбөйүн, алар да дайыма сылык болчу. Суроо берсем, такай Ыйык Китепке негиздеп жооп беришчү. Ошентип аларга көбүрөөк ишене баштадым.

Бир күнү Илайн: „Жаныбарлар Кудайдын белеги экенине ишенесизби?” — деп сурады. Мен: „Албетте ишенем”,— дедим. Ошондо ал Ышая 11:6—9-аяттарды окуп берди. Ошондон тартып Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгенге кызыгып калдым. Бирок дагы деле адабият алгым келбей жүрдүм.

Ошентип бир топко чейин Илайн менен күйөөсү Брент болуп кызыктуу нерселер жөнүндө кыска сүйлөшүп жүрдүк. Алар Исанын жолдоочусу болуу эмнени билдирерин түшүнүш үчүн Матайдан Элчилерге чейин окуп көрбөйсүзбү деп калышты. Мен ошенттим. Көп өтпөй алар менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Ошондо 2016-жылдын жай айы болчу.

Ыйык Китепти жума сайын изилдегенди, жолугушууларга барганды чыдамсыздык менен күтөр элем. Ыйык Китепте чынында эмнелер жазылганын билгенде төбөм көккө жете сүйүнгөм. Акыры, бир жылдан ашык убакыттан кийин чөмүлдүм. Азыр 79дун тамагын ичип жатам. Туура жолдо баратканыма толук көзүм жетти. Жахаба мени өзүнүн ишенимдүү кызматчыларынан турган үй-бүлөсүнө кошуп батасын берди».