Мазмунун көрсөтүү

Кудай кандайдыр бир белгилүү жерде жашайбы?

Кудай кандайдыр бир белгилүү жерде жашайбы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудай асманда жашайт. Буга байланыштуу Ыйык Китепте эмне деп айтылганына көңүл бурсаңар.

 Сулайман пайгамбар Кудайга кайрылып: «Сен асмандан, өзүң жашаган жайдан... бөтөн жерликтин өтүнүчүн угуп, баарын аткара көр»,— деп тиленген (1 Падышалар 8:43).

 Иса Машаяк да өзүнүн жолдоочуларын Кудайга — «асмандагы Атабызга» — кайрылууга үндөгөн (Матай 6:9).

 Иса пайгамбар тирилгенден кийин «биз үчүн Кудайдын алдында туруш үчүн... асмандын өзүнө кирген» (Еврейлер 9:24).

 Ыйык Китепте жазылган бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, Жахаба Кудай чынында эле тирүү Кудай, ошондой эле ал бардык жерде эмес, асманда жашайт.