Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Помелонун укмуштуудай кабыгы

Помелонун укмуштуудай кабыгы

 Помело — бакта өскөн чоң, ширелүү цитрус жемиши. Ал он метр бийиктиктен үзүлүп түшсө да, жарылып кетпейт! Помело эмнеден улам жерге катуу урунса да, бүтүн бойдон калат?

 Көңүл бурсаңар: Изилдөөчүлөр помелонун кабыгынын ички ак катмары болпок (губка) сымал клеткалардан жана боштуктардан турарын изилдеп чыгышкан. Абага же суюктукка толгон ал боштуктар жемиштин этине канчалык жакын болсо, аралыгы ошончолук чоң болот. Жемиш жерге түшүп урунганда, кабыктагы ошол суюктук соккуну «жумшартат». Урунганда помелонун кабыгы чыйралып, катуу болуп калат. Ошондон улам ал соккунун күчүн «жутуп» алат да, жарылбай, бүтүн бойдон калат.

 Окумуштуулар помелонун кабыгынын түзүлүшүнө окшош болгон, соккуга туруштук бере ала турган пенометаллды чыгарып, аны сынактан өткөрүп жатышат. Алар помелонун кабыгынын түзүлүшү мотоцикл айдоочулардын туулгасын жасоодо, унаалардын коопсуздугун жогорулатууда жана космос станциясын метеориттерден коргоодо жардам берет деп ишенишет.

 Кандай деп ойлойсуңар? Помелонун укмуштуудай кабыгы Жараткандын колунан бүткөнбү? Же өзү жаралганбы?