Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Осьминогдун таң калтырарлык тинтүүрлөрү

Осьминогдун таң калтырарлык тинтүүрлөрү

 Робот жасаган инженерлер доктурларга операция жасоодо денени мүмкүн болушунча азыраак тилип, кыйын болгон жерлерге да жетүүгө жардам берген шаймандын үстүнөн иштеп жатышат. Алар осьминогдун абдан ийилчээк «колдоруна», тагыраак айтканда, тинтүүрлөрүнө байкоо салып, бул тармакта ушундай ачылыш жасоого түрткү алышкан.

 Көңүл бурсаңар: Осьминог абдан ийилчээк, чоюлчаак сегиз тинтүүрү менен бир нерсени тар жерлерде да кармап, кыса алат. Ал «колдорун» ар тарапка ийе алгандан тышкары, зарыл болсо, кайсы бир жерлерин катуу кыла алат.

 Изилдөөчүлөр осьминогдукундай роботтоштурулган жумшак, ийилчээк кол хирургиялык операцияларды денени көп тилбей жасоодо баа жеткис шайман болмок деп эсептешет. Мындай шайман, өзгөчө, татаал операция жасалышы керек болгондо аны бейтапты көп кыйнабай жасоого мүмкүндүк бермек.

 Осьминогдун тинтүүрлөрүнүн канчалык ийилчээк болорун көргүлө

 Учурда роботтоштурулган кол иштелип чыккан жана жасалма операцияларда колдонулуп келет. 135 миллиметр болгон роботтоштурулган ал колдун бир бөлүгү назик ички органдарды аларга зыян келтирбегидей көтөрүп, кармап турса, башкасы операцияны жасай берет. Ал шайманды иштеп чыккан топтун мүчөсү доктур Томмазо Ранзани: «Бул системанын жаңы, мурункуларына караганда алда канча жогору, алдыңкы технологияларга жооп берген системаларга жол ачарына ишенебиз»,— деп айтат.

Роботтоштурулган жумшак, ийилчээк кол хирургиялык операцияларды жасоодо баа жеткис шайман болмок

 Кандай деп ойлойсуңар? Осьминогдун тинтүүрлөрү эволюциянын аркасында пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?