Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Капустачы ак көпөлөктүн V түрүндөгү канаты

Капустачы ак көпөлөктүн V түрүндөгү канаты

 Көпөлөктөр учардан мурун учууга шарт түзгөн булчуңдарын күнгө жылытып алышат. Бирок асманды булут каптаган учурларда капустачы ак көпөлөк булчуңдарын башка көпөлөктөргө караганда батыраак жылытып алып, учуп кетет. Мунун сыры эмнеде?

 Көңүл бурсаңар: Көпөлөктөрдүн көптөгөн түрлөрү учардан мурун канатын жыйып же жайып, күнгө жылынышат. Бирок капустачы ак көпөлөк эки канатын V түрүндө кылып тургузат. Окумуштуулардын айтканына ылайык, көпөлөк көбүрөөк жылуулук алыш үчүн ар бир канатын 17 градустук бурчка жакын кылып көтөрүшү керек. Мунун аркасында күндүн энергиясы түз эле көкүрөгүндөгү учушун шарттаган булчуңдарына жетет. Бул алардын учуп кетиши үчүн жылынышына өбөлгө түзөт.

 Англиядагы Эксетер университетинин окумуштуулары муну изилдеп чыгып, күн батареяларынын иштешин жакшыртуу максатында алардын түзүлүшүн көпөлөктүн эки канатын V түрүндө кылып тургузганына окшош кылып жасашкан. Натыйжада күн батареяларынын энергия алышы дээрлик 50 пайызга жогорулаган.

 Окумуштуулар көпөлөктүн канатынын үстүнкү бети да жарыкты абдан жакшы чагылдырарын байкашкан. Алар көпөлөктүн эки канатын V түрүндө кылып тургузганына жана жарыкты жакшы чагылдырган канатынын түзүлүшүнө окшош кылып, жарыкты жакшы чагылдырган жана энергияны жакшы чогулткан күн батареяларын жасашкан. Изилдөө тобунун мүчөсү профессор Ричард Френч-Констант капустачы ак көпөлөктү «күндүн энергиясын чогултуу боюнча адис» деп атаган.

 Кандай деп ойлойсуңар? Эки канатын V түрүндө кылып тургузууга жөндөмдүү болгон капустачы ак көпөлөк Кудайдын колунан бүткөнбү? Же өзү жаралганбы?