Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Иттин жыт сезүү жөндөмү

Иттин жыт сезүү жөндөмү

 Изилдөөчүлөрдүн айтымында, иттер жыт сезүү жөндөмүн колдонуп, башка иттердин курагын, жынысын жана маанайын сезе алышат. Иттерди атүгүл жардыруучу заттар менен мыйзамсыз баңгизаттарды табууга үйрөтсө болот. Адамдар тегерек-четте эмне болуп жатканын түшүнүш үчүн көзүн колдонсо, иттер жыт сезүү жөндөмүн колдонушат. Мындайча айтканда, иттер баарын мурду менен «окушат».

 Көңүл бурсаңар: Иттердин жыт сезүү жөндөмү биздикинен миңдеген эсе күчтүү келет. АКШнын стандарттар жана технологиялар боюнча улуттук институтунда жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, ит «кайсы бир нерсенин триллион бөлүккө бөлүнүп кеткен бөлүкчөсүн да сезе алат». Бул чай кашыктын төрттөн бир бөлүгүнө салынган шекерди Олимпиадалык бассейндегидей болгон көлөмдөгү сууга аралаштырып салганга барабар.

 Эмне үчүн иттин жыт сезүү жөндөмү биздикинен алда канча күчтүү келет?

  •   Иттин мурду дайыма нымдуу болуп тургандыктан, жыттын курамын айырмалоо ал үчүн оңойго турат.

  •   Иттин мурду аба өткөн эки жолдон турат. Бири — дем алууга, экинчиси жыт сезүүгө шарт түзөт. Ит бир нерсени шимшилеп баштаганда, аба жыт сезүү рецепторлору жайгашкан мурун көңдөйүнө багытталат.

  •   Иттин мурдундагы жыт сезүү көңдөйү 130 чарчы же андан көп сантиметрди түзсө, адамдыкы 5 эле чарчы сантиметрди түзөт.

  •   Иттердин мурдундагы жыт сезүү рецепторлорунун саны адамдардыкынан 50 эсе көп.

 Ушулардын аркасында ит татаал жыттарды да курам бөлүктөргө бөлө алат. Мисалы, биз суюк тамакты жалпы жонунан эле сезсек, ит, айрым адистердин ою боюнча, ошол суюк тамактын курамындагы ар бир азыкты ажырата алат.

 Ракты изилдөө боюнча бир институттун адистери иттин мээси менен мурду биргелешип иш кылганда планетабыздагы жыт сезүү боюнча «укмуштуудай, баарынан татаал механизм түзүлөрүн» айтышкан (The Pine Street Foundation). Окумуштуулар жардыруучу заттарды, мыйзамсыз жол менен өлкөгө киргизилген же өлкөдөн чыгарылган товарларды, ошондой эле ракты аныктоо үчүн электрондук «мурундарды» жаратууга умтулуп жатышат.

 Кандай деп ойлойсуңар? Иттин жыт сезүү жөндөмү Жараткандын колунан бүткөнбү? Же өзү жаралганбы?