Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

WATCHTOWER LIBRARY

Watchtower Library китепканасын жаңыртуу

Watchtower Library китепканасын жаңыртуу

Watchtower Library китепканасын онлайн аркылуу автоматтык түрдө жаңыртылгыдай кылып жөндөп койсо болот. Же жаңыртылган файл аркылуу Watchtower Library китепканасындагы адабияттарды, макалаларды колго жаңырта аласыңар.

Автоматтык түрдө жаңыртуу

Watchtower Library китепканасы жаңы адабият же макала кошулган сайын онлайн аркылуу автоматтык түрдө жаңырып турушу үчүн, төмөнкү кадамдарды кылгыла:

  1. Watchtower Library китепканасынын менюсунан «Касиеттер» (Properties) дегенди басып, «Китепкана үчүн касиеттер» (Properties for Library) деген терезени ачкыла.

  2. «Китепкана үчүн касиеттер» деген терезенин ичинен «Жаңыртылгандар» (Updates) дегенди басып, «Жаңыртылгандарды автоматтык түрдө жүктөө» (Download updates automatically) дегенди белгилеп койгула.

  3. Жаңыртылгандар бар болсо, жүктөп алгыңар келер-келбесин сураган билдирүү келет. Watchtower Library китепканасы аларды жүктөп, жаңыртылганды кабыл алышы үчүн, «Ооба» (Yes) дегенди баскыла.

Watchtower Library китепканасын колго жаңыртуу

Жаңыртылган файлды колдонуп, Watchtower Library китепканасын жаңырта аласыңар. Жаңыртылган акыркы файлдын пакетин алыш үчүн жаңыртылган Watchtower Library китепканасынан экспорттогула же ушул беттеги «Жүктөп алуу» деген баскычты баскыла.

Жаңыртылган пакетти экспорттоо

Төмөнкү кадамдарды кылып, жаңыртылган пакетти жарата аласыңар:

  1. Watchtower Library китепканасынын ичинен «Жардам» (Help) дегенди басып, андан соң «Пакетти колго жаңыртуу» (Manually Update Package) жана «Пакет жаратуу» (Create Package) дегенди баскыла.

  2. Жаңыртылган пакетти сактап коюш үчүн компьютериңерден бир жерди тандап, «Сактоо» (Save) деген баскычты баскыла. Watchtower Library жаңыртылган пакет жаратып, аны «.updatepkg» деп атап коёт.

Жаңыртылган пакетти жүктөө

Төмөндөгү баскычты басып, силердин тилде Watchtower Library китепканасы жаңырган-жаңырбаганын текшерип көргүлө. Эгер жаңырган болсо, көрсөтмөгө ылайык иш кылып, файлды компьютериңерге сактап алгыла.

Жаңыртылган пакетти колдонуу

Жаңыртылган пакет аркылуу Watchtower Library китепканасын колго жаңыртыш үчүн төмөнкүдөй кылгыла:

  1. Watchtower Library китепканасынан «Жардам» дегенди басып, «Пакетти колго жаңыртуу» жана «Пакетти колдонуу» (Apply Package) дегенди баскыла.

  2. Ачылган (File Explorer) терезеден «.updatepkg» деп аяктаган файлды тапкыла. Анан аны тандап, «Ачуу» (Open) дегенди басып, Watchtower Library китепканасын жаңырткыла.