Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY

JW Library программасын колдонуу (iOS)

JW Library программасын колдонуу (iOS)

JW Library программасына кош келиңиз! Бул программа Ыйык Китепти изилдөө жана окуу максатында чыгарылган. Программа ачылгандан кийин экрандын ылдый жагындагы куржундарды басып, анын негизги функцияларын колдоно аласыңар.

Ыйык Китеп

Ыйык Китеп куржуну Ыйык Китептин ар кандай котормолорун окууга жана жүктөп алууга шарт түзөт. Ыйык Китепти окуш үчүн анын кайсы бир китебин, анан ал китептин бөлүмүн тандаңыз. Ошондой эле аны окуп жатканда Изилдөө терезесинен шилтемелерди, байланышы бар аяттарды, башка котормолорду көрө аласыз.

 Башка китептин аятын ачыш үчүн Ыйык Китеп куржунун кайра басып, Ыйык Китепке кирген китептердин тизмесин ачкыла.

Адабияттар

Адабияттар куржунунда текст, аудио, видео түрүндө ар кандай адабияттар бар. Ал куржундагы адабиятты басып, анын ичинен окуй турган макаланы тандаңыз Аны окуп жатканда келтирилген аяттарды да окуй аласыз. Ал үчүн келтирилген аяттарды басыңыз, ошондо Изилдөө терезесинен аяттар ачылат. Ал эми терезенин ичинен аяттардын шилтемесин бассаңыз, аяттар Ыйык Китептин өзүнөн ачылат.

 Адабияттардын тизмесинен башка адабиятты ачып окуш үчүн Адабияттар куржунун кайра басыңыз.

Күндүн аяты

Күндүн аятын окуш үчүн Күндүн аяты куржунун басыңыз.

 Жолугушуулар

Жолугушууларда колдонулган адабияттарды көрүш үчүн Жолугушуулар дегенди басыңыз.

 Онлайн

Расмий сайтыбызга кириш үчүн Онлайн куржунун басыңыз.

 Жаңы функциялар

Электрондук каражатыңыздын иштетүү системин жаңыртып, JW Library программасынын эң акыркы версиясын колдонуп жатканыңызга ынаныңыз.

Электрондук каражатыңызда iOS иштетүү системинин эң акыркы версиясы болгону жакшы. Буга байланыштуу кененирээк маалымат алыш үчүн бул шилтемени басыңыз: https://support.apple.com/en-us/HT204204

Электрондук каражатыңыздын жөндөөлөрүнө кирип, иштетүү системин автоматтык түрдө жаңырткан функцияны күйгүзүп койсоңуз болот. Буга байланыштуу кененирээк маалымат алыш үчүн бул шилтемени басыңыз: https://support.apple.com/en-us/HT202180.