Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Татьяна Галькевич. Оңдо: Валентина Владимирова

24-ЯНВАРЬ, 2022| ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 16-ФЕВРАЛЬ, 2024
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Ден соолугу начар эки ишенимдешибиз Жахабанын жардамы менен камакта 6 ай отура алышкан

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | Ден соолугу начар эки ишенимдешибиз Жахабанын жардамы менен камакта 6 ай отура алышкан

2024-жылдын 14-февралында Смоленск шаарынын Ленинск райондук соту Татьяна Галькевич менен Валентина Владимированы айыптуу деп тапты. Экөө тең эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Алар азырынча камакка алынбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2019-жыл, 14-май

    Укук коргоо органдары Татьяна менен Валентинага каршы кылмыш ишин козгошкон. Полиция кызматкерлери алардын батирлерин тинтишкен, анан аларды камаш үчүн алып кетишкен. Татьяна менен Валентинаны 48 сааттан ашык убакыт бою суракка алышкан. Экөөнү тең ден соолугу начар болгонуна карабай тергөө камак жайына жөнөтүшкөн

  2. 2019-жыл, 22-ноябрь

    Алты айдан кийин Татьяна менен Валентина тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынышкан

  3. 2019-жыл, 31-декабрь

    Валентина ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу ооруканага жаткан

  4. 2020-жыл, 6-август

    Сегиз айдан кийин Татьяна үй камагынан бошотулган, бирок ага шаардан чыгууга тыюу салынган. Валентина болсо үй камагында калган. Ага жакын тууганы жана жактоочусу менен гана сүйлөшүүгө уруксат берилген

  5. 2020-жыл, 2-октябрь

    Укук коргоо органдары Татьяна менен Валентинаны айыпташ үчүн 400 беттик документ түзүшкөн. Аларга «экстремисттик уюмдун иштерине жашыруун катышып жүргөн» деген айып коюшкан

  6. 2020-жыл, 14-октябрь

    Сот жетиштүү далилдер жок болгондуктан 2 бир тууганыбызга каршы козголгон кылмыш ишин кошумча тергөө иштери жүрүгүзүлүшү үчүн кайра прокуратурага кайтарып берүүнү буйруган. Сот отуруму болуп жаткан учурда Валентина бир тууганыбыз ден соолугуна байланыштуу ордунан тура алган эмес. Ошого карабай сот аны үй камагынан бошотуудан баш тарткан

  7. 2021-жыл, 25-февраль

    Жалпы юрисдикциянын экинчи кассациялык соту кылмыш ишин кайра прокуратурага кайрып берүү боюнча чыгарылган чечимди жокко чыгарган

Жеке маалымат

Жахаба Валентинанын, Татьянанын жана Орусия менен Крымда куугунтук жеп жаткан бардык бир туугандардын мындан ары да «күч-кубаты», «калканы» боло берсин деп тиленип турабыз (Забур 28:7).