Мазмунун көрсөтүү

«Колуман келгенди кылып жатам»

«Колуман келгенди кылып жатам»

 Германияда жашаган Ирманын жашы 90го таяп калган. Ал эки жолу чоң кырсыкка кабылгандыктан жана бир нече жолу операция болгондуктан, үймө-үй кыдырып кабар айта албайт. Ал азыр туугандарына, тааныштарына ишеними тууралуу кат жазып жөнөтүп турат. Анын каттары бекемдээрлик болгондуктан жана жакынынан айрылгандарды жубаткандыктан, эмки каты качан келерин сурап чалгандар көп болот. Андан тышкары, көптөр ыраазычылык билдирип, дагы кат жазышын суранып жазып турушат. Ал: «Мунун баары кубанычка бөлөп, мага ынталуулук менен кызмат кылганга дем-күч берет»,— дейт.

 Ирма апа каттарын карылар үйүнө да жөнөтүп турат. Ал мындай дейт: «Бир жолу улгайган бир аял чалып, күйөөсү каза болуп калгандан кийин катымды окуп сооронгонун айтты. Ал Ыйык Китебине катымды салып коюп, кечинде окуп турат экен. Жакында эле күйөөсү каза болуп калган дагы бир аял дин кызматчынын үгүт сөзүнө караганда катымда жазылгандар аябай жубатканын айтты. Суроолору көп болгондуктан мени менен жолукса болор-болбосун сурады».

 Ирма апанын алыс жакка көчүп кеткен бир таанышы ага кат жазып турушун суранган. Апа мындай дейт: «Ал каттарымдын баарын сактап жүрүптүр. Каза болуп калгандан кийин, кызы чалып, апасынын каттарымдын баарын окуп жүргөнүн айтты. Анан Ыйык Китептеги кабар камтылган каттарымды ага да жөнөтүп турушумду суранды».

 Ирма апага кызматы аябай жагат. Ал: «Кызмат кылганга күч-беришин сурап дайыма Жахабадан тиленем. Үйдөн үйгө кабар айта албасам да, колуман келгенди кылып жатам»,— дейт.