Мазмунун көрсөтүү

Жозефти полиция коштоп барган

Жозефти полиция коштоп барган

 Эгер силер Жахабанын Күбөсү болсоңор, полициянын коштоосунда үймө-үй кабар айтып жүргөнүңөрдү элестетсеңер. Микронезияда жашаган Жозеф 2017-жылы ушундай нерсени башынан өткөргөн. Ал жана башка үч Жахабанын Күбөсү алыскы аралдарда кабар айтуу үчүн уюштурулган атайын өнөктүккө катышып жүрүшкөн.

 Төрт Жахабанын Күбөсү 600дөй адам жашаган чакан коралл аралына түш оогон маалда жетишкен. Жээктен аларды аралдын мэри тосуп алган. Андан кийин эмне болгону тууралуу Жозеф мындай дейт: «Мэр үйлөрдүн баарын полициянын унаасы менен кыдырып чыксак болорун айтты. Биз буга аябай таң калдык. Бирок үйдөн үйгө адаттагыдай эле кабар айткыбыз келгендиктен анын сунушун сылыктык менен четке кактык».

 Анан жарчылар мүмкүн болушунча көбүрөөк кишилерге кабар айтууну көздөп, жөө жөнөшкөн. Алардын бири: «Элдери меймандос келет экен. Айткан кабарыбызды да жакшы угушту. Ар бир үйгө көпкө чейин токтоп аябай сонун сүйлөштүк. Мындай болот деп ойлогон эмеспиз»,— дейт.

 Күн кечтеп бараткан маалда полициянын унаасы Жозефтин жанынан эки жолу өтүп, үчүнчүсүндө токтоп калган. Полиция кызматкерлери Жозефке кире элек үйлөргө жеткирип коюуну сунушташкан. Жозеф мындай деп эскерет: «Мен аларга убара болбой эле коюшун айттым. Бирок бул жолкусунда алар: „Калган үйлөргө киргенге жетишпей каласыңар. Ошон үчүн жеткирип коёлу“,— деп болбой туруп алышты. Дагы көп үйгө киришим керек болгондуктан макул болдум. Ар бир үйдүн тушуна келгенде полиция кызматкерлери үй ээсинин аты-жөнүн айтып жатышты. Анан тыкылдатканда эч ким чыкпай койсо, сиренасын иштетип коёрун айтышты.

 Ошентип, алардын жардамы менен ошол күнү үйлөрдүн баарына кирип чыктык. Аябай көп адабият калтырып, кызыгып калгандарга кайра жолукканга макулдаштык». Полиция кызматкерлери Жозефке «жакшы кабар таратууга бир аз катышып калганына сүйүнүшкөнүн» айтышкан. Жахабанын Күбөлөрү аралдан күн батканда кетишкен. Колдоруна адабият кармап жээкте турган полиция кызматкерлери болсо жылмайып, кол булгалап коштошуп калышкан.