Мазмунун көрсөтүү

Ал натыйжасын көрүп аябай таң калган

Ал натыйжасын көрүп аябай таң калган

 Десикар — жалгыз бой эне. Кудайга көбүрөөк кызмат кылгысы келгендиктен үзгүлтүксүз пионер болгон. Ал каржы каатчылыгы желкеден баскан өлкөдө, Венесуэлада, жашайт. Ошого карабай пионер болгусу келген. Акыры, болгон. Сүйүнүп кызмат кылып жүргөн убакта COVID-19 пандемиясы башталып калган.

 Ошондо Десикарга кызматын жаңы жагдайга ылайыкташып аткаруу кыйынга турган. Анткени кат жазыш ал үчүн оор болгон. Видеобайланыш аркылуу да кабар айта алган эмес. Анткени ал жашаган жерде интернет асмандын башы. Ал: «Ушунчалык көңүлүм чөктү. Бир күндүн ичинде эле баары астын-үстүн болуп кетти. Мен эми мындан ары жакшы пионер боло албайм го деп ойлогом»,— дейт.

 2021-жылдын январь айында Жахабанын Күбөлөрүнүн Венесуэладагы филиалы кабар айтуу боюнча атайын өнөктүк уюштурган. Ошол айда, базар күндөрү, беш жума катары менен Ыйык Китепке негизделген бир нече баяндама 60тай радиостанция аркылуу уктурулуп, 7 телеканал аркылуу көрсөтүлмөк. Филиал ушундай чара көргөн. Жахабанын Күбөлөрү кызыккандардын баарын ошол баяндамаларды көргөнгө жана укканга чакырганга үндөлүшкөн. Филиал жарчыларга ар бир баяндамага тиешелүү суроолорду жана аяттарды даярдап берген. Ишенимдештерибиз кат аркылуу болобу же телефон менен сүйлөшүшкөндө болобу, аларды колдонуп кабар айта алышмак. Мындан тышкары, филиал телефон менен жазышып кабар айтууга басым жасаган. Бул Венесуэладагы көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү үчүн жаңы ыкма болгон.

 Десикар ошол өнөктүккө күйүп-жанып катышкан. Ал эч качан телефондон жазып кабар айтып көрбөсө да, аракет кылып көрүүнү чечкен. Бирок ага жардам керек болгон. Анткени, өзү айткандай, техниканы колдонгонду жакшы билчү эмес. Андыктан ал кызынан жардам сураган. Кызы бир нече жолу көрсөтүп бергенден кийин эле, Десикар өнөктүккө катышканга даяр болуп калган.

Десикар

 Телефонундагы кимдир бирөөгө жазуу функциясын колдонуп Десикар тааныштарынын көбүн алдын ала жаздырылган баяндамаларды укканга чакырган. Ошондо ал натыйжасын көрүп аябай таң калган. Чакырылгандардын көбү баяндамаларды угуп, суроолорду беришкен. Айрымдары баяндамаларды уга алышкан эмес. Ошентсе да алар: «Ал баяндамаларда эмнелер айтылды? Айтып берчи»,— деп Десикардан суранышкан. Ал: «Мен жазып алгандарымды карап даярданып, аларга айтып бере алдым. Мурун жакшы кабарга кызыккандарга кайра жолукканымды санаганда айына бештен бир аз эле ашчу. Бирок өнөктүк болгон айдын аягында карасам, 112 a болуптур»,— дейт.

 Десикар Жахаба Кудайга ишенбеген эжесин дагы радиодон айтылган баяндамаларды укканга чакырган. Ал экөө эшиктеш жашайт. «Эжемдин макул болгонуна аябай таң калдым. Ар жекшемби сайын эртең мененки саат 8де мен анын үйүнө барып, баяндамаларды экөөбүз чогуу угуп жаттык. Ал баяндама угуп жаткан маалда да, бүткөндөн кийин да толтура суроолорду жаадырды»,— дейт Десикар. Эжеси Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине да видеобайланыш аркылуу катышкан. Ошондой эле ал Десикарга өзүнүн үйүндөгү интернетти кабар айтканда колдонгонго уруксат берген.

 Десикар мындай дейт: «Мен Жахабага ушунчалык ыраазымын. Аксакалдарга да рахмат айткым келет. Алар мени кубаттап-бекемдеп турушту. Айрыкча, мага кайрадан кубанып кызмат кылганга жардам бергенине ыраазымын» (Жеремия 15:16). Десикар пионердик кызматын улантып жатат. Ошондой эле телефон аркылуу жиберилгендерди окуп кызыгып калгандар менен Ыйык Китепти изилдеп жатат.

a Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишин маалыматты коргоо боюнча чыгарылган мыйзамдын чегинде аткарышат.