Мазмунун көрсөтүү

«Жахаба өмүрүбүздү сактап калды»

«Жахаба өмүрүбүздү сактап калды»

 2005-жылы Индияда жашаган Саубэгиа деген аял жолдошунан айрылып калган. Ал аны аябай жакшы көрчү. Жолдошу ага да, Мегана деген 3 жашар кызына да жакшы кам көрчү. Жесир калгандан кийин Саубэгиага кызын багыш кыйынга турган.

 Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, Саубэгианын үй-бүлөсү аларга кайырчыларга мамиле кылгандай мамиле кылып: «Ушу силердики өттү, бизге жүк болуп бүттүңөр»,— деп жерий башташкан. Жылуу сөз уккусу келип Саубэгиа өзү жашаган жердеги чиркөөгө бара баштаган. Бирок ал жактагылар да аны, жакыр болгону үчүн, басынтышкан. Ал «эч кимге кор болбой, өзүбүзчө жан багалы» деп жумуш издеп көргөн. Бирок канча аракет кылбасын, таппай койгон.

 Ал мындай дейт: «Үмүтүм жалп деп өчүп, акыры өмүрүмдү кыяйын деген бүтүмгө келгем. Мен жок болсом, кызым көрбөгөн кордукту көрөрүн билчүмүн. Ошон үчүн экөөбүздүн тең өмүрүбүздү кыяйын дедим». Ошентип, ал өзүн эч кимге кереги жоктой, тебеленгендей сезгендиктен уу сатып алганы жөнөгөн.

 Кайра үйүн көздөй келатканда, Элизабет деген Жахабанын Күбөсү жанына барып аны менен сүйлөшүп калган. Саубэгиа жумуш таппай жүргөнүн айтканда, Элизабет: «Мен бул жагынан жардам бере алам»,— деген. Элизабет ага Ыйык Китепти изилдегени баратканын да айткан. Буга Саубэгиа аябай таң калган. Анткени канча чиркөөгө барбасын, ал жактагылардын Ыйык Китепти изилдейбиз дегенин бир да жолу уккан эмес. Ошондо Элизабет Саубэгианы үйүнө чакырган. Ал ага Ыйык Китепти кантип изилдесе болорун көрсөтүп берерин айткан.

 Бирок Саубэгиа үйүнө баргандан кийин деле баягы жаман оюнан кайткан эмес. Бактыга жараша, бир тууганы Мегананы бир жакка алып кетиптир. Ошон үчүн Саубэгиа: «Кызым келгенден кийин уу ичип өлөлү»,— деп күтө турууну чечкен.

 Аңгыча ал Элизабеттикине барып келет. Ал аны кучак жайып тосуп алат. Элизабет ага «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китепти көрсөтөт. Саубэгианы «Өлгөндө адам каякка барат?» деген бөлүм аябай кызыктырып калат. Күйөөсү жакында эле каза болгондуктан, ушул суроого жооп алгысы келип жүргөн экен. Анан так ошол жерден эле Саубэгиа Ыйык Китепти изилдей баштаган.

 Элизабет аны кийинки жумада боло турган региондук жыйынга чакырганда, ал макул болот. Жыйындын программасы анын жүрөгүн ушунчалык козгогондуктан, Жахабанын Күбөсү болгусу келип калат. Жыйындан келатканда болсо, ага жумуш сунуштап калышат.

 Саубэгиа Ыйык Китепти андан ары изилдей берген. Ал өмүрүн кыюу жөнүндө ойлонбой калган. Анткени жашоонун маңызын тапкан. Бара-бара чөмүлгөн. Кийинчерээк кызы Мегана да Жахабанын Күбөсү болгон. Азыр экөө тең — үзгүлтүксүз пионер. Кызы Мегана болсо Индиядагы котормо кеңселеринин биринде ыктыярчы катары кызмат кылат.

Саубэгиа жана Мегана

 Экөө тең Элизабеттин поездден чын ниеттен көңүл бурганына жана жакшы кабар айтканына абдан ыраазы. Алар Жахабага да миң мертебе ыраазы. Мегана мындай дейт: «Апам ошол күнү Жахаба жөнүндө укпаганда, экөөбүздү тең эбак эле жерге жашырып коюшмак. Биз азыр аябай бактылуубуз. Апам экөөбүз тең атам тириле турган күндү, аны кыса-кыса кучактай турган күндү, чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ага Жахаба жөнүндө жана анын биздин өмүрүбүздү кантип сактап калганын айтып беребиз».