Мазмунун көрсөтүү

Оорусуна карабай башкаларды жубатууда

Оорусуна карабай башкаларды жубатууда

 Клодин — Жахабанын Күбөсү. Ал Түштүк Африкада жашайт. Жакында эле ага оор операция жасалган. Анын көп жери жабыркагандыктан, кайсы дарылоо ыкмасын тандаш керектигин кылдат ойлонушу керек болчу. Операцияга чейин жана андан кийин алы кетип, ооруган жери басылбай, катуу кыйналып стресс болгон. Үйгө келгенден 2,5 ай өткөндөн кийин деле ал отура алган эмес. Анысы аз келгенсип, COVID-19 пандемиясынан улам ал-акыбалын сурап ага эч ким бара алган эмес.

 Бирок Клодин өзүн аяп отура бербейин деп чечкен. Ал башкаларды сооротуп-жубатыш үчүн Жахабадан күч сурап тиленген. Кийинчерээк отуруп калганда кошунасынын сиңдисине чалган. Ал мурун Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, кийин токтотуп коюптур. Клодин аны менен Ыйык Китептен дем-күч берген ойлор менен бөлүшкөндө, кошунасынын сиңдиси кайра изилдегенге түрткү алган. Ошондой эле Клодин ага жыйналышка катышса, кандай пайда аларын жана жолугушууга видеобайланыш аркылуу кантип туташса болорун түшүндүрүп берген. Ошентип, ал аял жыйналышка катышып, атүгүл программанын талкуу иретиндеги бөлүгүндө жооп берген.

 Андан кийин Клодин анын сиңдиси менен сүйлөшкөн, ал дагы Ыйык Китепти изилдегиси келгенин билдирген. Башкалардын да Ыйык Китеп жөнүндө билгиси келип жатканын айткан. Натыйжада Клодин дагы төрт аял менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Бирок кызыктын баары алдыда болчу.

Клодин

 Клодин башкаларга чын дилден көңүл бургандыктан дагы 10 аял менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ошентип, ал пандемия учурунда бардыгы болуп 16 изилдөө өткөргөн! Айрымдары жолугушууларга видеобайланыш аркылуу үзгүлтүксүз катышып келатышат. Дайыма башкаларга жардам бергендин аркасында Клодин оорусуна көп көңүл топтогон жок. Ошондой эле ал «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайдын» аны кыйын кезеңде сооротуп жатканын сезип келет. Мунун аркасында ал да башкаларды сооротуп-жубатып жатат (2 Корунттуктар 1:3, 4).

 Клодин менен изилдеген аялдар Ыйык Китептен окуп-билгендери жөнүндө кандай ойдо болушкан? Алардын бири: «Изилдөөнүн көп жакшы жагын көрдүм. Баарынан да, Кудайдын ысмын билгениме сүйүнөм. Бул мага Жахабага жакындаганга жардам берди»,— деген. Клодин чалган биринчи аял жакында чөмүлгөнү жатат. Клодин менен Ыйык Китепти изилдегендердин кылып жаткан ийгиликтеринен улам анын кубанычы койнуна батпай, сүйүнүп жатат. Ден соолугу да кыйла жакшырып, сакайып баратат.