Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүндө аялдар да окутабы?

Жахабанын Күбөлөрүндө аялдар да окутабы?

 Ооба, Жахабанын Күбөлөрүнүн бардыгы, анын ичинде миллиондоп саналган аялдар да башкаларды Ыйык Китепте жазылгандарга окутуп, Кудайга кызмат кылышат. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Жакшы кабар айткан аялдар чоң кошуунду түзөт»,— деп алдын ала айтылган (Забур 68:11).

 Жахаба Кудайга кызмат кылган аялдар Ыйык Китепте жазылган жакшы аялдын үлгүсүнө карманышат (Накыл сөздөр 31:10—31). Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында аялдар жыйналышты жетектеп, башкарууга эч качан умтулушпайт. Бирок башкаларга Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды айтып берип, аларды окута алышат. Андан сырткары, балдарын да Ыйык Китептеги принциптерге окутуп-үйрөтүшөт (Накыл сөздөр 1:8). Алар сүйлөгөн сөзү менен да, иши менен да башкаларга үлгү болууга аракет кылышат (Тит 2:3—5).