Мазмунун көрсөтүү

Падышалык залы коомго кандай таасир этет?

Падышалык залы коомго кандай таасир этет?

Жахабанын Күбөлөрү сыйынуу үчүн чогулган имараттарын долбоорлоо жана куруу иштерин жүз жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүп келишет. Падышалык залы деп аталган ушундай имараттардын бири силердин аймагыңарда да курулуп жатабы? Падышалык залы коомго кандай пайда алып келүүдө?

Флауэри Бранч (АКШ, Жоржия)

«Айланадагы имараттардын көркүнө көрк кошкудай болушун каалайбыз»

Падышалык залдары айлана-тегеректи көркүнө чыгарып тургудай болуп долбоорлонот. Кошмо Штаттардагы Падышалык залдарын куруу ишин көзөмөлдөөгө катышкан Жейсон: «Биздин максатыбыз — ар бир Падышалык залын көрктүү, сапаттуу кылып куруу»,— деп айткан. Архитекторлук кесипти аркалаган жана Падышалык залдарын долбоорлогон топ менен иштешкен бир Жахабанын Күбөсү мындай деген: «Падышалык залдарынын айланадагы имараттардын көркүнө көрк кошкудай болушун каалайбыз».

Падышалык залдарын негизинен Жахабанын Күбөлөрү курат. Алар ал имараттардын жогорку сапатта курулушуна абдан кызыкдар. Алардын абдан жакшы иштегени башкаларга байкалбай калбайт. Алсак, Техас штатындагы Ричмонд шаарында (АКШ) жакында эле бүткөн Падышалык залынын кандай курулганын текшерген бир адис залдын чатырынын жасалганына суктанып, ушунчалык сапаттуу жасалган чатырды биринчи жолу көрүп жатканын билдирген. Ямайка аралында бир текшерүүчү курулуп жаткан Падышалык залына жаңыдан иштеп баштаган адистерди ээрчитип келип, аларга мындай деген: «Булардан кам санабай эле койсоңор болот. Жахабанын Күбөлөрү долбоордун чиймесине бекем карманышат, атүгүл жергиликтүү курулуш талаптарынан сырткары көп нерсени аткарышат». АКШнын Флорида шаарындагы бир адис: «Мен ооруканаларды жана мамлекеттик чоң долбоорлорду текшергем, бирок уюшкандык жагынан алардын бири да силердикине тең келбейт экен. Силер ишиңерди мыкты аткарат экенсиңер»,— деген.

Консессион, Зимбабве

Коомго тийгизген пайдасы

Падышалык залында өткөрүлгөн жолугушуулар аларга катышкандардын жашоосуна оң таасир этет. Ал жакка баргандар ата-энелик милдетин жакшы аткарганга үйрөнүшөт, балдар болсо ата-энесине баш ийгенге үйрөнөт. Падышалык залын долбоорлогон топ менен иштешкен Род: «Ар бир Падышалык залында коомго пайдасы тие турган, бийик адеп-ахлак нормаларына карманууга үндөгөн билим берилет»,— дейт. Ошондой эле мындай деп кошумчалайт: «Жашоодо кыйынчылыктарга кабылганда ушул жерден күч-кубат алууга болот. Жубатууга муктаж болгон жана Кудай жөнүндө билим алгысы келген адамдардын баарын бул жакта жылуу тосуп алып, достордой мамиле кылышат».

Падышалык залына келип жүргөндөр кошуналарга да кам көрүшөт жана табигый кырсык болгондо биринчилерден болуп жардамга келишет. Мисалы, 2016-жылы Мэтью куюну Багам аралдарын талкалап кеткенден кийин Жахабанын Күбөлөрү 254 үйдү оңдошкон. Бир Падышалык залына жакын жерде жашаган 80 жаштагы Виолеттин үйүн суу каптап кеткен. Ал табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берип жаткан Жахабанын Күбөлөрүнөн жардам сурап, акчасын төлөп берерин айткан. Алар Виолеттин үйүнүн чатырынын суу өтүп жаткан жерлерин оңдоп, жаап беришкен. Ошондой эле жашаган бөлмөсүнүн шыбын оңдоп беришкен. Бирок акчасын албай коюшкан. Ошондо Виолет ага жардам берген Жахабанын Күбөлөрүнүн ар бирин кучактап, кайра-кайра ыраазычылык билдирип: «Силер чындап эле Кудайдын эли экенсиңер!» — деген.

Бад-Эйнхаузен (Германия, Түндүк Рейн-Вестфалия)

«Аймагыбызда Падышалык залы бар болгону... кубандырат»

Падышалык залдары дайыма жакшы абалда болушу үчүн, Жахабанын Күбөлөрү жергиликтүү жыйналыштагыларды залдарды күтө билгенге үйрөткөн программаны ишке киргизишкен. Мунун натыйжасы сонун болууда. Алсак, Аризонадагы чакан жамааттан болгон бир аялга Падышалык залында өткөн жолугушууга чакыруу баракчасын беришкен. Ал аял залдын ушунчалык сонун экенин баса белгилеген. Өзгөчө, ансыз да жакшы абалдагы имаратты дагы да жакшыртуу үчүн көрүлө турган чаралар жөнүндө укканда аябай таасирленген. Ал аял ошол шаарда чыккан гезиттин жазуучусу болгон. Кийинчерээк ошол гезитке абдан жакшы каралган Падышалык залы жөнүндө кыскача макала чыккан. Макаланын аягында: «Аймагыбызда Падышалык залы бар болгону... кубандырат»,— деп жазылган.

Падышалык залдары дүйнөнүн ар бир бурчунда бар. Силерди чын жүрөктөн келип кетүүгө чакырабыз. Ал жактагылар силерди жылуу тосуп алышат.