Мазмунун көрсөтүү

«Экватордун зымырыт аралдарында» кулагы укпагандарга жардам берүү

«Экватордун зымырыт аралдарында» кулагы укпагандарга жардам берүү

Экватордун зымырыт аралдары деп да аталган Индонезияда кулагы укпаган же начар уккан миллиондогон адамдар жашайт. Аларга жардам берүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү индонезия жаңдоо тилинде Ыйык Китепке негизделген ар кандай адабияттарды чыгарып, окутуу программаларын уюштурууда. Алардын эмгеги коомго байкалбай калган жок.

Жаңдоо тилинде өткөн жыйын

2016-жылы Жахабанын Күбөлөрү Түндүк Суматрадагы Медан шаарында индонезия жаңдоо тилинде жыйын өткөрүшкөн. Ал жыйынга ошол аймактагы коопсуздук кызматкери катышып, билим берүү программасын акысыз жүргүзүп жатканы үчүн Жахабанын Күбөлөрүн мактаган. Көргөндөрү анын жүрөгүн ушунчалык козгогондуктан, ал атүгүл жанында тургандардын жаңсоолорун туурап, ырдаганга аракет кылган.

Жыйын өткөрүлгөн жайдын жетекчиси жыйындын «тынч жана ийгиликтүү өткөнүн» белгилеген. Ал: «Жахабанын Күбөлөрү тегерегибиздеги кулагы укпаган адамдарга жардам берүү үчүн мындан ары да ушундай жакшы иш-чараларды уюштура берет деп үмүттөнөм»,— деген. Анан жыйын өткөрүлгөн жердин ээси жыйындын кулагы укпагандар үчүн уюштурулганын билгенде, «Жахабанын Күбөлөрүнө жакшылык кылгысы келгендиктен, жыйынга келгендердин баарына [300 кишиге] тамак берилишин буйруганын» айткан.

Жаңдоо тилиндеги тасмаларга көптөр ыраазы болууда

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги кабарды айтып бериш үчүн кулагы укпаган адамдардын үйлөрүнө барышат. Алар көп учурда адамдардын жашоосун маңыздуу кылууга, бактылуу болууга жардам бериш үчүн чыгарылган индонезия жаңдоо тилиндеги видеотасмаларды көрсөтүшөт.

Борбордук Явадагы Семаранг шаарындагы кулагы укпагандардын жыргалчылыгын көздөгөн бирикменин директиринин орун басары Махендра Тэгу Присванто: «Кулагы укпаган адамдарга кам көрүш үчүн кылып жаткан эмгегиңер мактоого татырлык... Мисалы, „Бактылуу үй-бүлөлөрдөн боло аласыңар“ деген тасма көптөргө жардам берет. Бул ишти токтотпой уланта беришиңерди каалаар элек»,— деген.

Алар «сүйүү көрсөтүшөт»

Жахабанын Күбөлөрүнүн иши Янти деген кулагы укпаган аялды абдан таасирленткен. Ал мындай деген: «Көп учурда адамдар кулагы укпагандарды шылдыңдашат, Жахабанын Күбөлөрү болсо сүйүү көрсөтүшөт. Алар кулагы укпагандарга Жараткан жөнүндө көбүрөөк билүүгө, жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө жардам бериш үчүн жаңдоо тилин атайын үйрөнүп жатышат. Алардын чын ыкластан ушундай аракет кылып жатканы жүрөгүмдү козгогон».

Убакыттын өтүшү менен Янти Жахабанын Күбөсү болгон жана учурда индонезия жаңдоо тилинде чыккан тасмаларды которгон топто кызмат кылат. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Биз чыгарган тасмалар жаңдоо тилин жакшы билбегендерге жаңдоо жөндөмүн жакшыртканга көмөк кылат. Андан тышкары, ал тасмалардан адамдар канткенде бактылуу, маңыздуу жашоо өткөрө аларын биле алышат».