Мазмунун көрсөтүү

«Аска таштагы» ачык эшик күндөрү

«Аска таштагы» ачык эшик күндөрү

Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрүнүн адабият басып чыгарган 15 филиалы бар. Алардын бири — Борбордук Европадагы филиал. Ал филиал Штинфелс аймагындагы Зельтерсте жайгашкан. Немис тилиндеги Штинфелс деген сөздү которгондо «Аска таш» дегенди билдирет.

2014-жылы 23—25-майда Борбордук Европадагы филиалда ачык эшик күндөрү өткөрүлүп, ага тегерек-четтегилер, ишкер адамдар жана жергиликтүү бийлик кызматкерлери чакырылды. Ачык эшик күндөрү «Зельтерсте 30 жыл» деген аталышта өттү, анткени филиал расмий түрдө 1984-жылы 21-апрелде ишке киришкен.

Ачык эшик күндөрүндө 3 000ден ашуун конок имараттарды кыдырып чыкты. «Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына келүү дайыма кызыктуу»,— дейт 30 жылга жакын убактан бери жергиликтүү өкмөт менен иштешип келаткан мэр. Ал: «Штинфелстеги филиалдын аябай бат курулганына дагы деле таң калып келем. Имараттарды 1979—1984-жылдар аралыгында эле куруп бүтүп коюшкан»,— деди.

Ачык эшик күндөрүнөн кыскача маалымат

Көргөзмөлөрдүн бири «Борбордук Европадагы Жахабанын Күбөлөрү» деп аталды. Келгендер ошол жергедеги Жахабанын Күбөлөрүнүн 120 жылдык тарыхы жөнүндө билишти. Андай тарыхый көргөзмө филиалда азыркыга чейин көрсөтүлөт.

Ошондой эле көргөзмөдө чанда кездешчү жана абдан баалуу болгон Ыйык Китептер көрсөтүлдү. Мисалы, алгачкы жолу 1534-жылы чыккан немис Ыйык Китеби жана 1599-жылы басылып чыккан, ичиндеги текст 12 тилге которулган Элиас Хутердин Полиглот Ыйык Китебинин бир бөлүгү коюлду. Андан тышкары, Ыйык Китептеги принциптердин бүгүнкү күндө да абдан баалуу жана колдонорлук экени баса белгиленген сүрөттөр, таблицалар, видеолор көрсөтүлдү.

Коноктор жетекчиси жок өткөрүлгөн эки экскурсияда Бейтелде жашаган жана ошол жерде кызмат кылган 1 000ден ашуун бир туугандын күн тартиби менен таанышышты. «Биздин жашообуз» деген аталыштагы биринчи экскурсияда айрым бир туугандардын жашаган бөлмөлөрүн көрө алышты. Ошондой эле ашканадан тамактанып, сейил бак сыяктуу короодо сейилдешти. Келгендердин бири: «Бул жер укмуштуудай кооз экен»,— деп айтты.

Ал эми «Басып чыгаруу иши» деп аталган экинчи экскурсияда басмаканадагы, адабият мукабалаган жердеги жана адабият жөнөтүү бөлүмүндөгү иштер тууралуу маалымат ала алышты. Коноктор Ыйык Китепке негизделген адабияттардын кандайча басыларын, кандайча мукабаланарын жана 50дөн ашуун өлкөгө кантип жөнөтүлөрүн өз көзү менен көрүштү. Алардын бири: «Мен Жахабанын Күбөлөрүнүн ушунчалык чоң, дүйнөлүк уюм экенин элестете алган эмесмин. Алардын адабияттары жердин булуң-бурчуна чейин жетет экен. Ушундай иштердин ыктыярдуу кызматчылардын эмгегинин аркасында ишке ашып жатканы таң калтырбай койбойт»,— деп ой бөлүштү.

Коноктор jw.org сайты менен таанышышты

Өзгөчө, jw.org сайты — Жахабанын Күбөлөрүнүн расмий веб-сайты — жөнүндөгү көргөзмө баарына кызыктуу болду. Жаштар да, карылар да сайт менен таанышып, видеотасмаларды көрүштү жана көптөгөн суроолоруна жооп алышты.

Экскурсиянын соңунда коноктордун жүзүнөн жылмаюу кетпей, Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк ишине суктанып жатканы байкалып турду. Бир киши: «Мен Жахабанын Күбөлөрүнө карата терс көз карашта болчумун. Эми оюмду таптакыр өзгөртүшүм керектигин түшүндүм»,— деди. Бир аял болсо: «Бул күн Жахабанын Күбөлөрү жөнүндөгү жалган маалыматтардын баарын төгүнгө чыгарды»,— деп кайра-кайра айтып жатты.

^ 17-абз. 2014-жылдын эсеби боюнча

^ 21-абз. 2014-жылдын эсеби боюнча

^ 24-абз. 2014-жылдын эсеби боюнча