Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ысрайыл уруусу орун алган жерди тастыктаган байыркы табылга

Ысрайыл уруусу орун алган жерди тастыктаган байыркы табылга

 Ыйык Китепте ысрайылдыктар Убада кылынган жерди басып алып, урууларга жер бөлүштүргөндө, Ал эми Ысрайылдын айрым уруулары Иордандын чыгыш тарабынан орун алган болчу. Ал эми Менаше уруусунун он тукумуна үлүш жерлер Иордандын батыш тарабынан бөлүнүп берилген (Жашыя 17:1—6). Муну тастыктап турган археологиялык далилдер барбы?

 1910-жылы Самарияда жазуулар чегилген чопонун бөлүктөрү казылып алынган. Остракон деп белгилүү болгон ошол чопонун бөлүктөрүндө байыркы еврей тилинде кымбат баалуу буюмдардын, анын ичинде шарап менен косметикалык майдын борбор шаардагы падыша сарайына жеткирилгени тууралуу жазылган. Баары биригип, б. з. ч. 8-кылымга таандык 102 остракон табылган. Бирок алардын 63үн гана толугу менен окууга мүмкүн болгон. Анткен менен ошол 63 остракондого маалыматты чогулта келгенде даталарды, тукумдардын атын, ошондой эле буюм-тайымдарды жөнөткөн жана кабыл алган адамдардын ысымдарын билүүгө болот.

 Баса белгилей кетчү нерсе, Самария остраконунда кеп кылынган тукумдардын баары Менаше уруусуна таандык болуп чыккан. «Эл аралык жаңы котормонун археологиялык изилдөөгө арналган чыгарылышына» ылайык, бул табылга «Менаше уруусуна таандык тукум-уруктар менен аларга таандык Ыйык Китепте айтылган жерлердин ортосундагы байланышты тастыктаган кошумча далил» болуп эсептелет.

Бул жазууда Менаше уруусунан чыккан Нух деген аял тууралуу кеп кылынган.

 Самария остракону Ыйык Китепти жазууга катышкан Амос пайгамбардын ошол убакта доорон сүргөн бай кишилери тууралуу: «Чөйчөктөн шарап ичип, эң жакшы майлар менен майланып жатасыңар»,— деп айткан сөздөрүнүн тууралыгын далилдеп турат (Амос 6:1, 6). Самария остракону Менашенин уруусуна таандык 10 тукум-урук отурукташкан жерге ошондой нерселердин жеткирилип турганын көрсөтүп турат.