Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дөөтү падышанын тарыхый инсан болгонун тастыктаган археологиялык табылга

Дөөтү падышанын тарыхый инсан болгонун тастыктаган археологиялык табылга

 Ыйык Китепке ылайык, Ысрайылдын падышасы Дөөтү б. з. ч. 11-кылымда жашаган жана анын урпактары жүздөгөн жылдар бою бийлик жүргүзүшкөн. Бирок айрым сынчылар анын тарыхый инсан болгонун талашка салып, аны кийинчерээк эле ойдон чыгарылган уламыштын каарманы деп айтышкан. Дөөтү падыша чынында эле жашаганбы?

 1993-жылы археолог Авраам Биран жана анын тобу Израилдин түндүк тарабындагы Тель-Дан деген жерден «Дөөтүнүн үйү» деген жазуусу бар таштын бөлүгүн табышкан. Байыркы семит тобуна кирген бир тилдеги ал жазуу б. з. ч. 9-кылымга таандык. Ал, сыягы, ысрайылдыктардын душмандары болгон арамейлер жасаган жеңиш эстелигинин бөлүгү болгон.

 Бир гезитте мындай деп жазылган: «„Дөөтүнүн үйү“ деген жазууну сынга алгандар да бар... Бирок окумуштуулардын жана археологдордун көбү Тель-Дандан табылган жазуу Дөөтүнүн тарыхый инсан болгонун ырастаган эң алгачкы төгүндөлгүс далил деп эсептешет. Ошондой эле бир археологиялык журналда ал ыйык китептик табылгалардын көрүнүктүүсү экени жазылган [„Biblical Archaeology Review“]» («Bible History Daily»).