Мазмунун көрсөтүү

Instructions for Our Christian Life and Ministry Meeting

Instructions for Our Christian Life and Ministry Meeting

Мазмуну

1. Бул документтеги көрсөтмөлөр Ыйык кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунда тапшырмасы барларга жардам болот. Тапшырмасы барлар даярданардан мурун ушул документти жана «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз окуу куралындагы» өз тапшырмасына карата берилген көрсөтмөлөрдү карап чыгышы зарыл. Бардык жарчыларды тапшырма алууга үндөгүлө. Жарчы боло электер да жыйналыш жолугушууларына үзбөй келип турушса, Ыйык Китептеги окууларга ишенсе жана Кудайдын нормаларына карманып жашашса, окуучулардын тапшырмаларын ала алышат. Жарчы боло элек бирөө тапшырма алгысы келсе, Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун көзөмөлчүсү ага тапшырма алгысы келгендер кандай талаптарга жооп бериши керектигин айтып, тапшырма алар-албасын билдирет. Ал жолугушууга жарчы боло элек киши Ыйык Китепти изилдеген жарчы (же жарчы болгон атасы же апасы) катышышы керек. Тапшырма алгысы келгендерге чөмүлө элек жарчы болгусу келгендерге коюлгандай талаптар коюлат (od 8-бөл., 8-абз.).

 КИРИШ СӨЗ

2. Бир мүнөт. Жума сайын алгачкы ыр менен тиленүүдөн кийин Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун төрагасы угуучулардын кызыгуусун арттыруу үчүн өтүлө турган программага сереп салат. Төрага жыйналышка дем-күч бере турган ойлорго токтолушу керек.

  КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

 3Сөз. Он мүнөт. Темасы жана эки же үч негизги ой «Кызматыбыз жана жашообуз окуу куралында» берилет. Бул аксакалга же окутууга жөндөмдүү кызмат жардамчысына тапшырылат. Ыйык Китепти жума сайын окуу графиги боюнча жаңы китеп окула баштаганда, ал китепке кириш сөз катары видео көрсөтүлөт. Бул бөлүктү алып чыккан бир тууган видеодо айтылгандардын тема менен кандай байланышы бар экенин түшүндүрсө болот. Бирок ал окуу куралында берилген ойлорго сөзсүз токтолушу зарыл. Ошондой эле, эгер убакыт жол берсе, окуу куралындагы каралып жаткан материалга берилген сүрөттү жана аяттарга негизделген ойлорду натыйжалуу колдонушу керек.

 4Рухий берметтер. Он мүнөт. Бул бөлүккө кириш сөз да, корутунду да айтылбайт. Аны аксакал же окутууга жөндөмдүү кызмат жардамчысы суроо-жооп иретинде алып барат. Ал эки суроону тең бериши керек. Суроолорго тиешелүү аяттардын баарын окуш керекпи же жокпу, өзү чечсе болот. Берилген жооптор 30 секундадан ашпашы керек.

 5Ыйык Китепти окуу. Төрт мүнөт. Бул тапшырма ага/иниге берилет. Тапшырмасын аткарып жаткан ага/ини кириш сөз айтпайт жана корутундулабайт. Жолугушуунун төрагасы окуучуларга так, түшүнүктүү, шар, логикалык басымды туура түшүрүп, интонацияны өзгөртүп, туура тыным жасап, табигый окуганга жардам берүүгө өзгөчө кызыкдар болушу кажет. Ыйык Китептен окула турган үзүндүлөрдүн айрымдары кыскараак, айрымдары узунураак болот. Андыктан Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун көзөмөлчүсү тапшырмаларды бөлүштүрүп жатканда окуучулардын жөндөмүн эске алышы керек.

 КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

6. Он беш мүнөт. Жолугушуунун бул бөлүгү баарына кызматка даярданууга, ошондой эле маек куруу, кабар айтуу жана окутуу чеберчилигин арттырууга көмөк кылат. Зарыл болсо, тапшырмаларды аксакалдарга да берсе болот. Тапшырмасы барлар «Кызматыбыз жана жашообуз окуу куралындагы» кашаанын ичиндеги ар бир тапшырмага берилген «Үйрөтүү» же «Башкаларды сүйгүлө» китепчесине негизделген сабактын үстүнөн иштеши керек. Кээде кээ бир бөлүктөр талкуу жүзүндө өтөт. Ал бөлүктү аксакал же окутууга жөндөмдүү кызмат жардамчысы алып барат. (Талкуу жүзүндөгү бөлүктү алып барууга байланыштуу көрсөтмөлөрдү  15-абзацтан карагыла.)

 7Сөз баштоо: Бул тапшырма ага/иниге же эже/карындашка берилет. Жардамчысы үй-бүлөсүнөн кимдир бирөө же ошол жыныстагы бирөө болушу керек. Тапшырманы отуруп же туруп аткарса болот. (Тапшырманын мазмуну жана жагдайлар жөнүндө көбүрөөк маалыматты  12, 13-абзацтардан карагыла.)

 8Кайра баруу. Бул тапшырма ага/иниге же эже/карындашка берилет. Жардамчысы ошол жыныстагы бирөө болушу керек (km 8/05 4-б.). Тапшырманы отуруп же туруп аткарса болот. Тапшырманы аткарган киши мурунку маекти кантип уласа болорун көрсөтүшү керек. (Тапшырманын мазмуну жана жагдайлар жөнүндө көбүрөөк маалыматты  12, 13-абзацтардан карагыла).

 9Шакирт даярдоо. Бул тапшырма ага/иниге же эже/карындашка берилет. Жардамчысы карама-каршы жыныстагылардан болбошу керек (km 8/05 4-б.). Тапшырманы отуруп же туруп аткарса болот. Бул тапшырмада изилдөөнүн үзүндүсү көрсөтүлүшү керек. Окуучу кириш сөз же корутунду жасоого байланыштуу сабактын үстүнөн иштеп жатпаса эле, кириш сөз же корутунду кылуунун зарылдыгы жок. Өтүлүп жаткан материалдын баарын үн чыгарып окуунун зарылдыгы жок, бирок окуса да болот.

 10Эмнеге ишенерибизди түшүндүрүп берүү. Тапшырма сөз катары берилсе, аны ага/ини аткарат. Ал эми демонстрация катары берилсе, эже/карындаш да, ага/ини да аткарса болот. Жардамчысы үй-бүлөсүнөн кимдир бирөө же ошол жыныстагы бирөө болушу керек. Окуучу тапшырмага берилген көрсөтмөдөгү маалыматты колдонуп, берилген суроого сылык, так-айкын жооп бериши керек. Тапшырмасын аткарып жаткан учурда маалыматты кайсы булактан алганын айтар-айтпасын окуучу өзү чечет.

 11Сөз. Бул тапшырма ага/иниге берилет жана сөз катары айтылат. Эгер сөз «Башкаларды сүйгүлө» китепчесинин 1-тиркемесиндеги ойго негизделсе, ал ага/ини аятты(-тарды) кызматта кантип колдонсо болорун көрсөтүп бериши керек. Мисалы, ал аятты кайсы учурда колдонсо болорун, анын маанисин жана ал аяттын негизинде адам менен кантип талкуу жүргүзсө болорун түшүндүрүп берсе болот. Эгер сөз «Башкаларды сүйгүлө» китепчесиндеги сабактардын бирине негизделсе, андагы ойду кызматта кантип колдонсо болоруна токтолушу керек. Ага/ини сабактагы 1-ойдо берилген окуяны айтып берсе же кошумча аяттардын кайсынын колдонорун тандап алса болот.

   12Мазмуну. Ушул жана кийинки абзацтагы маалыматтар «Сөз баштоого» жана «Кайра барууга» карата колдонулат. Эгер башка көрсөтмө берилбесе, окуучунун негизги максаты — маектешип жаткан адамды кызыктырган Ыйык Китептеги чындык менен бөлүшүү жана кайра барууга негиз салуу болушу керек. Окуучу жергиликтүү жагдайга ылайыктуу, аймактагыларга кызыктуу теманы тандашы зарыл. Ал негизги окутуу куралдарына кирген адабияттардын бирин сунуштоо же видео көрсөтүү керекпи же жокпу, өзү чече алат. Жаттап алган сунуштоону айтып берип койгондун ордуна, окуучулар маек курганды, мисалы, чын дилден көңүл бурууну жана табигый сүйлөөнү, үйрөнсө болот.

 13Жагдайлар: Окуучу тапшырылган жагдайды жергиликтүү аймакка ылайыкташтырса болот. Мисал үчүн:

  1.  1) Үймө-үй. Үймө-үй кабар айтуу өз ичине бетме-бет сүйлөшүүнү же телефон, кат аркылуу байланышууну жана үймө-үй кабар айтып жүргөндө кезиктирген адамга кайра барууну камтыйт.

  2.  2) Расмий эмес жагдайда кабар айтуу. Буга табигый жол менен сөз баштап, сөздү чындыкка буруу кирет. Ошондой эле анын ичине чогуу иштешкендерге, мектептегилерге, кошуналарга, коомдук унаада же күндөлүк иштер менен жүргөндө кезиктирген адамдарга Ыйык Китептеги баалуу ойлорду айтып берүү да кирет.

  3.  3) Эл көп жерде кабар айтуу. Буга адабият текчесин колдонуу, ишкер аймакта, көчөдө, сейил бактарда, автотуруктарда же эл жүргөн жердин баарында кабар айтуу кирет.

 14Видеолорду жана адабияттарды колдонуу: Жагдайга жараша окуучу, видео көрсөтөбү же адабият сунуштайбы, чече алат. Эгер окуучунун тапшырмасында видео бар болсо же аны көрсөтүүнү чечсе, видео көрүүнү сунуштап, талкуулоого тийиш. Бирок видео көрсөтүлбөшү керек.

  КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

15. Ырдан кийин боло турган 15 мүнөттүк бул бөлүк бир же эки бөлүкчөдөн турат. Ал угуучуларга Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды колдонууга жардам берүү максатында даярдалган. Эгер башка көрсөтмө берилбесе, бул тапшырмаларды аксакалдар же окутууга жөндөмдүү кызмат жардамчылары алып барса болот. Ал эми «Жыйналыштын муктаждыктары» деген бөлүктү аксакалдар алып чыгышы керек. Эгер бөлүк талкуу түрүндө өтүшү керек болсо, алып баруучу келтирилген суроолордон тышкары, кошумча суроолорду берсе болот. Негизги ойлор ачылып берилиши үчүн жана угуучуларда талкууга катышканга жетиштүү убакыт болушу үчүн, алып баруучу кириш сөзүн кыскача айтышы керек. Эгер бирөө менен маек куруш керек болсо, ал киши, мүмкүн болсо, өз ордунан эмес, сахнага чыгып сүйлөгөнү жакшы.

  16Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү. Отуз мүнөт. Бул бөлүк тажрыйбалуу аксакалга тапшырылат. (Аксакалдар аз жерлерде окутууга жөндөмдүү кызмат жардамчысына берсе болот.) Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүн алып барууга кимдер ылайыктуу болорун аксакалдар кеңеши чечиши керек. Ал бир туугандар изилдөөнү жакшы алып барышы, убагында бүтүрүшү, негизги аяттарды баса белгилеши жана баарына материалдагы ойлордун иш жүзүндө колдонорлук жагын түшүнгөнгө жардам бериши зарыл. Аларга суроо-жооп иретинде өткөрүлгөн бөлүктөрдү кантип алып барса болору боюнча көрсөтмөлөрдү окуп чыгуу пайдалуу болот (w23.04 24-б., кутуча). Ошол жумага берилген материал кылдат талкууланып бүткөндөн кийин изилдөөнү чоё берүүнүн зарылдыгы жок. Мүмкүнчүлүк болсо, изилдөөнү алып барууга жана абзацтарды окуп берүүгө жума сайын ар башка бир туугандарды дайындоо керек. Эгер Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун төрагасы изилдөөнүн убактысын кыскартуу керектигин айтса, изилдөөнү алып барган бир тууган кантип кыскартууну өзү чечиши зарыл. Мисалы, айрым абзацтарды окубай эле талкуулоону туура көрүшү мүмкүн.

  КОРУТУНДУ

17. Үч мүнөт. Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун төрагасы жолугушууда айтылган колдонорлук ойлорду баса белгилейт. Ошондой эле кийинки жумада өтүлө турган программага кыскача токтолушу керек. Андан тышкары, эгер убакыт болсо, эскертүү катары кийинки жумада тапшырма менен чыга тургандардын аты-жөнүн айтса болот. Эгер башка көрсөтмө берилбесе, зарыл кулактандырууларды жана каттарды жолугушуунун төрагасы корутунду учурунда окуп берүүгө тийиш. Адаттагы иштерге байланышы бар маалыматтар, мисалы, кабар айтууга байланыштуу чаралар жана залды тазалоо нөөмөтү сахнадан айтылбайт. Андай маалыматты маалымат тактасына илип коюу зарыл. Корутундуга бөлүнгөн убакыт кулактандырууларды жана каттарды окуп берүүгө жетишсиз болсо, төрага «Кудайдын кызматчыларынын жашоосу» деген бөлүктөгү тапшырмаларды алып чыга турган бир туугандардан берилген убакыттан эртерээк бүтүрүшүн суранышы керек. ( 16,  19-абзацтарды карагыла.) Жолугушуу ыр жана тиленүү менен аяктайт.

  МАКТОО ЖАНА КЕҢЕШ БЕРҮҮ

18. Окуучуларга берилген ар бир тапшырма аткарылгандан кийин, Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун төрагасы аларды бир мүнөттөй убакыттын ичинде мактап, сабактагы иштеши керек болгон ойдун негизинде кеңеш берет. Төрага тапшырманы аткара турган бир туугандын сахнага чыгарда эмненин үстүнөн иштеп жатканын айтпайт. Бирок ал тапшырмасын аткарып бүткөндөн кийин жана аны орундуу мактагандан кийин сабактагы эмнелердин үстүнөн иштегенин, андагы кеңештерди кантип жакшы колдонгонун жана мындан ары эмнелерге жана кантип умтула бериши керектигин жумшактык менен айтса болот. Эгер төрага тапшырманы аткарган бир тууганга жана угуучуларга пайдалуу болот деп эсептесе, демонстрациянын башка жакшы жактарын да айтып мактаса болот. Андан тышкары, ар бир окуучунун муктаждыгына жараша «Башкаларды сүйгүлө», «Үйрөтүү» китепчелеринин же «Кызмат мектеби» китебинин негизинде иш жүзүндө колдонорлук кеңештерди жолугушуудан кийин же башка убакта өзүнчө берсе болот. (Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун төрагасынын жана кошумча кеңешчинин милдеттерине байланыштуу көрсөтмөлөрдү  19,  24,  25-абзацтардан карагыла.)

    УБАКЫТ

 19Бир да бөлүк жана Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун төрагасы өзүнө белгиленген убакыттан ашпашы талап. «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз окуу куралында» ар бир тапшырмага канча убакыт берилери жазылса да, материал толук каралып бүтсө, ага бөлүнгөн убакытты толтуруу үчүн гана маалымат кошо берүүнүн зарылдыгы жок. Бөлүктөргө берилген убакыттан ашып кетсе, Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун төрагасы же кошумча кеңешчи ал бөлүктөрдү алып барган бир туугандарга жекече кеңеш бериши кажет. ( 24,  25-абзацтарды карагыла.) Жолугушуунун убактысы, ырга жана тиленүүгө берилген убакытты кошкондо, 1 саат 45 мүнөттөн ашпашы керек.

 РАЙОНДУК КӨЗӨМӨЛЧҮ КЕЛГЕНДЕ

20. Жыйналышка райондук көзөмөлчү келгенде, жолугушуу «Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусу окуу куралындагы» программа боюнча адаттагыдай эле өткөрүлүшү керек. Болгону, төмөнкүдөй бир эле айырмасы болот: «Кудайдын кызматчыларынын жашоосу» деген бөлүктөгү Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүнүн ордуна райондук көзөмөлчүнүн 30 мүнөттүк кызмат сөзү айтылат. Кызмат сөзүнүн алдында Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун төрагасы өтүлгөн программаны кыскача кайталап, кийинки жуманын программасына бир аз токтолот, зарыл кулактандырууларды айтып, окулушу керек болгон каттарды окуйт. Андан соң райондук көзөмөлчүнүн баяндамасынын темасын кулактандырат. Кызмат сөзүнөн кийин райондук көзөмөлчү өзү тандаган ыр менен жолугушууну жыйынтыктайт. Жолугушуунун соңунда ага/инилердин биринен тиленүү менен аяктоону суранышы мүмкүн. Райондук көзөмөлчү келген жумада окуучулар кошумча класстарда тапшырма менен чыкпайт. Жыйналышка кайсы бир топ бекитилген болсо, райондук көзөмөлчү келгенде ал топ жолугушуусун өткөрө берсе болот. Бирок райондук көзөмөлчүнүн кызмат сөзүн угуш үчүн алар бекитилген жыйналышка катышышы керек.

 РАЙОНДУК ЖЕ РЕГИОНДУК ЖЫЙЫН БОЛО ТУРГАН ЖУМА

21. Райондук же региондук жыйын боло турган жумада жыйналыштар өткөрүлбөйт. Жыйналышка ошол жумада өтүлө турган материалды өз алдынча же үй-бүлөсү менен чогуу изилдеп коюшу керектигин алдын ала эскертип коюу зарыл.

 ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ БОЛО ТУРГАН ЖУМА

22. Эгер Эскерүү кечеси иш күндөрүнө туш келип калса, ал күнү Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусу өткөрүлбөйт.

 КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ЖОЛУГУШУУСУНУН КӨЗӨМӨЛЧҮСҮ

23. Аксакалдар кеңеши тандаган аксакал Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун көзөмөлчүсү катары кызмат кылат. Ал жолугушуунун жакшы уюшкандыкта жана ушул көрсөтмөлөргө ылайык өткөрүлүшүнө жооптуу. Ал кошумча кеңешчи менен тыгыз кызматташышы керек. Ошондой эле «Кызматыбыз жана жашообуз окуу куралы» чыгары менен көзөмөлчү иш күндөрүндөгү жолугушуунун бардык бөлүктөрүнүн эки айлык графигин түзөт. Буга окуучулардын тапшырмасына кирбеген бөлүктөрдү жана аксакалдар кеңеши тандаган бир туугандардын арасынан иш күндөрүндөгү жолугушуунун төрагаларын дайындоо, ошондой эле окуучулардын тапшырмаларын бөлүштүрүү кирет. ( 3—16 жана  24-абзацтарды карагыла.) Көзөмөлчү окуучулардын тапшырмаларын бөлүштүрүп жатканда окуучунун жашын, тажрыйбасын, аткарыла турган тапшырмадагы тема боюнча сүйлөө эркиндиги бар-жогун эске алышы керек. Ал жолугушуунун башка бөлүктөрүн бөлүштүрүп жатканда да ушуну эске алышы керек. Тапшырмалар, бери дегенде, үч жума мурун берилүүгө тийиш. Окуучулардын тапшырмалары үчүн «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунда аткарылчу тапшырма» (S-89) деген бланка колдонулушу керек. Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун көзөмөлчүсү бардык тапшырмалардын графиги маалымат тактасына илингенине ынанышы керек. Аксакалдар кеңеши башка аксакалды же кызмат жардамчысын ага жардам берүүгө дайындаса болот. Бирок окуучулардын тапшырмасына кирбеген бөлүктөрдү аксакалдарга гана дайындоо зарыл.

    КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ЖОЛУГУШУУСУНУН ТӨРАГАСЫ

24. Жума сайын бир аксакал Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун төрагасы болуп кызмат кылат. (Аксакалдар аз жерлерде окутууга жөндөмдүү кызмат жардамчысын жолугушуунун төрагасы катары дайындаса болот.) Ал кириш сөз жана корутунду даярдоого жооптуу. Андан сырткары, ал ар бир бөлүктү кулактандырат жана аксакалдар кеңешинде канча аксакал болгонуна жараша жолугушуунун башка бөлүктөрүн алып бара алат. Программанын бөлүктөрүнүн ортосунда айтылган сөздөр кыска болушу керек. Бул милдетти аткарууга кайсы аксакалдардын ылайыктуу болорун аксакалдар кеңеши чечет. Тандалган аксакалдар кезек-кезеги менен төрага болуп кызмат кылышат. Жергиликтүү жагдай-шартка жараша Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун көзөмөлчүсүнө башка жөндөмдүү аксакалдарга караганда жыйналышта төрагалык кылууну көбүрөөк тапшырса болот. Эгер аксакал жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүн алып барууга жарактуу болсо, ал жолугушуунун төрагасы болууга да жарактуу болушу мүмкүн. Бирок төрага болуп кызмат кыла турган аксакалдан окуучуларды жылуу-жумшак сөздөр менен мактап, пайдалуу кеңештерди берүү да талап кылынарын унутпагыла. Ошондой эле төрага жолугушуунун өз убагында бүтүшүнө жооп берет. ( 17,  19-абзацтарды карагыла.) Эгер төрага кааласа жана сахнада орун жетиштүү болсо, сахнага тирөөчү бар кошумча микрофон коюп койсо болот. Ошондо ал ар бир бөлүктү кошумча микрофондон кулактандырып жатканда, бөлүктү алып чыга тургандар пюпитрге барып туруп калышат. Ошондой эле төрага Ыйык Китепти окуу жана «Кабар айтуу чеберчилигиңди арттыр» деген бөлүктөгү тапшырмалар аткарылып жатканда, сахнадагы отургучка отуруп турса болот. Бул убакытты үнөмдөйт.

   КОШУМЧА КЕҢЕШЧИ

25. Мүмкүн болсо, бул милдетти баяндама айтуу жагынан тажрыйбалуу аксакалга тапшыруу абзел. Анын милдетине, зарыл болгондо, эл алдында сүйлөөгө байланыштуу ар кандай тапшырмаларды аткарган, анын ичинде Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунда бөлүктөр менен чыккан, жалпыга арналган баяндамаларды айткан, «Күзөт мунарасын» изилдөөнү жана жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүн алып барган же ал жолугушууларда окуп берген аксакалдарга жана кызмат жардамчыларына жекече кеңеш берүү кирет. ( 19-абзацты карагыла.) Эгер жыйналышта баяндама айтуу жагынан тажрыйбалуу, окутууга жөндөмдүү аксакалдар көп болсо, кошумча кеңешчи катары жыл сайын ар башка аксакал кызмат кыла алат. Кошумча кеңешчиге ар бир тапшырмадан кийин аны аткаргандарга кеңеш берүү зарыл эмес.

 КОШУМЧА КЛАССТАР

26. Жыйналыш окуучулардын санына жараша кошумча классты да уюштурса болот. Ар бир класста тажрыйбалуу кеңешчи болушу керек, мүмкүн болсо, ал аксакал болушу кажет. Эгер зарыл болсо, тажрыйбалуу кызмат жардамчысын дайындаса болот. Бул милдетти аткарууга кимдин ылайыктуу болорун жана ал ага/инилерди алмаштырып туруу керекпи же жокпу, аксакалдар кеңеши чечет. Кеңешчинин  18-абзацта жазылган тартипке ылайык иш кылышы талап. Кошумча класстар колдонула турган болсо, «Кудайдын Сөзүндөгү кенч» деген бөлүктөгү «Рухий берметтер» бүткөндөн кийин окуучуларды ал класска барууга үндөө керек. Кошумча класстагылар акыркы окуучунун тапшырмасынан кийин негизги залга кайтып келиши зарыл.

 ВИДЕОЛОР

27. Жолугушууда программага кирген видеолор көрсөтүлүп турат. Алар JW Library тиркемесине чыгат жана аларды көптөгөн электрондук каражаттардын жардамы менен ойнотууга болот.

© 2023 Watch Tower Bible and Tract Society of Pennsylvania

S-38-KZ 11/23