Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ИНДОНЕЗИЯ

Эр жүрөк пионер

Андрэ Елиас

Эр жүрөк пионер
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1915

  • ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1940

  • КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Суракка алып, коркутуп-үркүтүшкөндө, ишениминен тайбаган эр жүрөк пионер.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Андрэ Елиас менен жубайы Жозефинди Сукабумидеги (Батыш Ява) жапондордун «Кемпейтай» деп аталган, элдин үшүн алган полициясынын башкы башкармалыгына чакыртып, суракка алышкан. Биринчи Андрэни суракка алып, ага: «Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер? Сен Жапон мамлекетинин душманысыңбы? Же тыңчысыңбы?» — деген сыяктуу суроолорду жаадырышкан.

«Биз кудурети күчтүү Кудайдын кызматчыларыбыз жана жаман эч нерсе жасаган жокпуз»,— деп жооп берген Андрэ. Ошондо башкы офицер дубалда илинип турган самурай кылычын ала коюп, өйдө көтөргөн да, ачуулана:

«Азыр жайлап салайынбы?!» — деп кыйкырган. Ошондо Андрэ эңкейип башын тосуп, ичинен тилене баштаган. Бир азга тымтырс боло түшүп, офицер бөлмөнү жаңырта каткырып жиберген да: «Эр жүрөк жигит экенсиң»,— деген. Анан Жозефинди чакырып, суракка алган. Андрэ экөөнүн айткандары дал келгенде: «Силер тыңчы эмес экенсиңер. Чыгып кеткиле бул жерден!» — деп кыйкырган.

Бир нече айдан кийин «жалган бир туугандардын» айынан Андрэ камакка алынган (2 Кор. 11:26). Ал бир канча ай бою жугунду аккан түтүктөн тамактын калдыктарын чогултуп жеп күн көргөн. Бирок түрмө сакчылары аны актыгынан тайдыра алышкан эмес. Жозефин түрмөгө ага жолукканы барганда, ал тордун ары жагынан: «Сарсанаа болбо. Мени бошотушабы-бошотушпайбы, өлтүрүшөбү-өлтүрүшпөйбү, берилгендигимен жазбайм. Балким, сөөгүм ушул жерден чыгаттыр, бирок Кудайды эч качан сатпайм»,— деп шыбыраган.

Алты айдан кийин Андрэ Жакартанын Жогорку Сотунун алдында өзүн коргоп, боштондукка чыккан.

30 жылдай убакыт өткөндөн кийин, Индонезия өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине кайрадан тыюу салган маалда, Манадонун (Түндүк Сулавеси) округдук прокурору Андрэни кеңсесине чакырып: «Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынганын билесиңби?» — деп сураган.

Андрэ: «Ооба»,— деп жооп берген.

Прокурор: «Эми башка динге өтөйүн деп жатасыңбы?» — деп сураган.

Андрэ эңкейип, өзүн төшкө ургулап, үнүн бийик чыгара: «Жүрөгүмдү суурусаңар сууруп алаттырсыңар, бирок башка динге өтүүгө эч качан мажбурлай албайсыңар»,— деген.

Округдук прокурор Андрэни бошотуп, экинчи чакырткан эмес.

Андрэ 60 жылдай пионердик кызматты ынтызарлык менен аткарып, 2000-жылы 85 жашында дүйнө менен кош айтышкан.