Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Жерихо шаары курчоого алынганынан көп өтпөй эле талкаланганына кандай далилдер бар?

Жашыя 6:10—15 жана 20-аяттарга ылайык, ысрайылдыктар Жерихо шаарын алты күн бою күнүнө бир жолудан айланышкан. Жетинчи күнү алар аны жети жолу айланып чыккандан кийин, Жахаба шаардын асман тиреген дубалдарын кыйраткан. Натыйжада ысрайылдыктар Жерихого кирип, аны басып алышкан. Ошентип, Ыйык Китептен Жерихонун курчоого алынганынан көп өтпөй эле талкаланганы айкын болууда. Бирок муну ырастаган археологиялык далилдер барбы?

Байыркы убакта баскынчылар чептүү шаарды, адатта, курчоого алчу. Ал канча убакытка созулбасын, жеңишке жеткендер андагы байлыкты, анын ичинде азык-түлүктүн баарын олжолоп кетчү. Бирок кызыктуусу, археологдор Жерихонун казындыларынан аябагандай көп өлчөмдө азык-түлүк табышкан. Бир эмгекте: «Урандылардын арасынан чопо идиштерден тышкары, абдан көп дан табылган... Мындай нерсе Палестинанын археологиясында башка кездешпейт. Бир же эки кумура табылса, эч нерсе деле болмок эмес, бирок дандын ушунча көп өлчөмдө табылганы таң калтырат»,— делет («Biblical Archaeology Review»).

Ыйык Китепте жазылгандай, ысрайылдыктардын Жериходогу азык-түлүктү олжолоп албаганына орчундуу себеп бар болчу: Жахаба аларга шаардан эч нерсе албоону буйруган (Жаш. 6:17, 18). Ысрайылдыктар Жерихого жазында — түшүм жыйналып бүтүп, дан мол болуп турган кезде — чабуул жасашкан (Жаш. 3:15—17; 5:10). Ооба, Жериходон дандын көп өлчөмдө табылганы, Ыйык Китеп тастыктап тургандай, ысрайылдыктардын ал шаарды көпкө курчабай эле басып алганынан кабар берет.