Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ойлонуштурулган иш-аракет жемиш берет

Ойлонуштурулган иш-аракет жемиш берет

Түштүк Америкада жайгашкан Чилинин Сан-Бернардо шаарында Мария Изабель деген жаш, ынталуу жарчы бар. Анын үй-бүлөсү мапуче деген индей элинен. Алар бүт үй-бүлөсү менен мапудунгун деп да аталган мапуче тилиндеги жаңы жыйналыштын уюшулушуна чоң салым кошушкан.

Машаяктын өлүмүн эскерүү кечеси мапудунгун тилинде да өткөрүлөрү жана Эскерүү кечесине чакыруу баракчасы ал тилде 2000 нускада басылып чыкканы кулактандырылганда, Мария Изабель аларды таратууга кантип салым кошсом деп ойлонуп калат. Анан ал мугалимдери менен классташтарына ийгиликтүү кабар айткан жаш Күбөлөр менен болгон окуяларды эстейт. Мария Изабель бул тууралуу ата-энеси менен сүйлөшөт. Ошондо алар анын мектептен чакыруу баракчаларын кантип таратса болорун ойлонуштура башташат. Мария эмне кылмай болот?

Алгач ал мектеп администрациясынан мектептин кире беришине чакыруу баракчасын чаптап коюуга уруксат сурайт. Алар анын өтүнүчүн орундатып, демилгени колго алып жатканы үчүн макташат. Атүгүл бир күнү мектептин деректири эртең мененки линейкадан үн күчөткүч менен окуучуларга чакыруу баракчасы жөнүндө кулактандырат!

Анан Мария бардык класстарга кирип чыгууга уруксат сурайт. Мугалимдерден уруксат алгандан кийин класска кирип, окуучулардан мапуче элинен болгондор барбы деп сурайт. «Бүт мектептен мапуче үй-бүлөсүндө чоңойгон 10—15тей эле окуучу чыгат го деп ойлогом,— дейт ал,— бирок алар мен ойлогондон алда канча көп экен. Мен бардыгы болуп 150 чакыруу баракчасын тараттым!»

«УЛУУРААК БИРӨӨНҮ ЭЛЕСТЕТИПТИР»

Бир аял мектептин кире беришиндеги чакыруу баракчасын көрүп, ал кече тууралуу көбүрөөк билиш үчүн кимге кайрылсам болот деп сурайт. Ага он жашар кызга кайрылуу керектигин айтышканда, анын канчалык таң калганын элестетсеңер! «Ал улуураак бирөөнү элестетиптир»,— дейт Мария жылмая. Ал ага чакыруу баракчасын берип, кыскача түшүндүргөндөн кийин ата-энеси менен анын үйүнө барып, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө көбүрөөк айтып бериш үчүн андан дарегин сурайт. Эскерүүгө ошол аял жана башка 26 киши келгенде, мапудунгун тилиндеги аймакта кызмат кылган 20 жарчы абдан кубанган! Азыр ал топ өркүндөп-өсүп жаткан жыйналышка айланган!

Жашыңар канчада болбосун, классташтарыңарды же чогуу иштеген кишилерди Эскерүү кечесине, жалпыга арналган баяндамага же облустук жыйынга чакыруу үчүн демилгени колго ала аласыңарбы? Бул жагынан ийгиликке жетиш үчүн эмне кылсаңар болорун билүү үчүн биздин адабияттарга чыккан окуяларды изилдегиле. Ошондой эле башкаларга Жахаба жөнүндө айтуу үчүн андан кайраттуулук сурагыла (Лк. 11:13). Эгер ушундай кылсаңар, жакшы ойлонуштурулган иш-аракеттериңердин кандай сонун жемиш бергенин көрүп таң калышыңар мүмкүн.