Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Жылан куйрук кантип көрөт?

Жылан куйрук кантип көрөт?

КОРАЛЛ рифтеринде байырлаган жылан куйруктун үстүнкү катмарынын түзүлүшү таңыркатпай койбойт. Скелетинин жайнаган микроскоптук линзалардан турган бул катмары тордуу көздүн функциясын аткарат.

Кристаллдай тунук бүдүрчөлөр эң мыкты сапаттагы микролинзалардын функциясын аткарат

Көңүл бурсаңар: Окумуштуулар жылан куйруктун акиташ пластиналарга окшогон скелетин изилдеп, андагы «бири-бирине аябай тыгыз жайгашкан, адамдын чачынан да ичке болгон, кристаллдай тунук бүдүрчөлөрдү» байкашкан («Natural History»). Кальций карбонатынан (кальцит) турган ал бүдүрчөлөрдү пластиналардын алдында жайгашкан жарык сезгич нервтерге жарыкты өткөргөн эң мыкты сапаттагы микролинзалар деп айтууга болот. Ал микролинзалардын формасынын түзүлүшү аябай так болгондуктан, элес бүдөмүк болбой, даана көрүнөт.

Химик Жоанна Айзенбергдин айткандарына ылайык, жылан куйруктун эки функцияны аткарган үстүнкү катмары «маанилүү бир принципти көрсөтүп турат: биологияда материалдар бир нече функцияны аткара алгыдай болуп түзүлгөн».

Жылан куйрукту изилдөөнүн аркасында окумуштуулар кальций карбонатынан турган микролинзалардын массивин арзан, жөнөкөй жол менен жасоо ыкмасын ойлоп табышты. Микролинзалардын массиви көп нерседе, анын ичинде, оптикалык була аркылуу жарык сигналдары өткөрүлгөн телекоммуникацияда колдонулат.

Кандай деп ойлойсуңар? Жылан куйруктун көрүү функциясын аткарган скелети өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?