Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ажырашам!»

«Ажырашам!»

«Ажырашам!»

Кароосуз калган үй — ээсинин ага шалакылык менен мамиле кылганынын белгиси. Көптөгөн жылдар бою ал үйдү катуу шамал да, бороон-чапкын да кулата алган эмес. Эми болсо ал кулайын деп, араң эле тургандай көрүнөт.

УШУНДАЙ көрүнүш бүгүнкү күндөгү үй-бүлөлөрдүн абалын таамай сүрөттөп турат. Сага да никең бузулганы тургандай сезилген жокпу? Эгер ошондой сезилип жатса, анда казан-аяк кагышпаган бир да үй-бүлө жок экенин эсиңден чыгарба. Ыйык Китепте үй-бүлө кургандардын «жашоосунда жаңы кыйынчылыктар пайда болору» айтылган (1 Корунттуктар 7:28).

Ушул сөздөрдүн калетсиздигин баса белгилеп, изилдөөчүлөр никени тобокелге салып иш жүргүзгөн, бирок ошого карабастан «көптөгөн адамдарды жумушка алган ишканага» окшоштурушкан. Анан: «Башында кубанычка бөлөнүп, бири бирине убадаларды берген жубайлардын ортосунда бара-бара көңүл калтырган, жүрөк ооруткан нерселер пайда болот»,— деп кошумчалашкан.

Сенин никең тууралуу эмне дешке болот? Төмөндөгү көйгөйлөрдүн биринен же бир нечесинен улам никең бузулганы жаткан жокпу?

● Тыйылбаган чыр-чатак

● Заар тил

● Ойноштук

● Таарыныч

Эгер нике түйүнүңөр үзүлгөнү жаткандай сезилсе, эмне кылышың керек? Ажырашуу менен эле баары чечилип калабы?

[3-беттеги кутуча/сүрөт]

«КАДИМКИ КӨРҮНҮШКӨ АЙЛАНЫП КАЛДЫ»

Айрым жерлерде ажырашуулардын саны кескин көбөйүүдө. Мисалга көптөгөн жылдар бою ажырашуулардын саны салыштырмалуу аз болуп келген Кошмо Штаттарды алалы. Барбара Дафо Уайтхед өзүнүн «Ажырашуу маданияты» деген китебинде 1960-жылдан кийин ажырашуулардын саны «таң каларлык ылдамдыкта өсүп кеткенин» жазган («The Divorce Culture»). Ошондой эле ал: «Ажырашуулар он жылдын ичинде эле эки эсеге көбөйүп, күч алып отуруп батыш коомунда 1980-жылдардын башталышында жогорку чегине жеткен. Натыйжада отуз жылдын ичинде ажырашуулар америкалыктардын жашоосунда кадимки көрүнүшкө айланып калды»,— деп белгилеген.