Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сүйүү башкалардын кызыкчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору көрүүгө жардам берет

Башкаларды жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

Башкаларды жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

Баарыбыз Адам атадан тарагандыктан бир үй-бүлөбүз. Негизи, үй-бүлөдөгүлөр бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылып, ынак болушу керек. Бирок бүгүнкү күндө такыр башкача болууда. Мээримдүү Кудай Таала мындай болушун ниет кылган эмес.

ЫЙЫК ЖАЗМАДА ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй» (ЛЕБИЛЕР 19:18).

«Душмандарыңарды сүйгүлө» (МАТАЙ 5:44).

БАШКАЛАРДЫ СҮЙҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Буга байланыштуу Кудайдын 1 Корунттуктар китебинин 13-бөлүмүнүн, 4—7-аяттарында эмне деп жаздырып койгонуна көңүл бурсаңар.

«Сүйүү чыдамкай, боорукер».

Ойлонуп көргүлө: Башкалар ката-кемчиликтериңерге ачууланбай, чыдамкайлык, боорукердик менен мамиле кылганда, кандай сезимде болосуңар?

«Сүйүү көрө албастык кылбайт».

Ойлонуп көргүлө: Башкалар силер тууралуу арам ойлосо же көрө албастык кылса, кандай сезимде болосуңар?

Сүйүү «өз кызыкчылыгын көздөбөйт».

Ойлонуп көргүлө: Башкалар өз оюн таңуулай бербей, силердин көз карашыңарды сыйласа, кандай сезимде болосуңар?

Сүйүү «таарынычын эсептей бербейт».

Ойлонуп көргүлө: Күнөө кылганына өкүнгөн пендени Жаратканыбыз кечирүүгө даяр. Кудай тууралуу Ыйык Китепте: «Ал кынтык издей бербейт, түбөлүккө каарданбайт»,— деп жазылган (Забур 103:9). Андыктан биз да бизди таарынткандарды кечирүүгө даяр болушубуз кажет (Забур 86:5).

«Сүйүү ыймансыздыкка кубанбайт».

Ойлонуп көргүлө: Башыбызга мүшкүл түшкөндө, башкалар кубанса же табаласа, жаман болмокпуз. Ошондуктан башкалардын кыйналып жатканына, атүгүл алар бизге жаман мамиле кылган болсо да, кубанбашыбыз керек.

Кудайдын батасына ээ болуш үчүн бардык адамдарды, алардын курагы, улуту, дини кандай болбосун, жакшы көрүшүбүз зарыл. Жакыныбызды сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн дагы бир жолу — муктаж болгондорго жардам берүү.