Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңби?

Билесиңби?

Эфиопиялык ак сарай кызматчысы Филип анын жанына барганда кандай арабада кетип баратты эле?

«АРАБА» деген сөз «Жаңы дүйнө котормосунда» түп-нускада арабалардын ар кандай түрүнө карата колдонулган (Элч. 8:28, 29, 38). Ал эми эфиопиялык төрө отуруп бараткан араба согушка же жарыштарга колдонулган кадимки арабадан чоңураак болгон көрүнөт. Эмненин негизинде ушундай тыянак чыгарса болорунун бир нече себебин карап көрөлү.

Узак сапарга чыккан эфиопиялык ал киши жогорку абалды ээлеген. Ал «кандакинин, эфиопиялыктардын канышасынын, бүт казынасына жооптуу ак сарай кызматчысы» болгон (Элч. 8:27). Байыркы Эфиопияга азыркы күндөгү Судан жана Египеттин түштүк тарабы кирген. Балким, ал Иерусалимге жеткенге чейин бир нече араба которгондур. Узак сапарга аттангандыктан анын жүгү да көп болсо керек. Б. з. 1-кылымында жүргүнчүлөрдү ташыган айрым арабалар үстү жабык, төрт дөңгөлөктүү болгон. Бир китепте мындай делет: «Андай арабаларга көбүрөөк жүк батчу. Алар менен жол жүрүү ыңгайлуураак болчу. Ошондой эле алыс жактарга жетүү мүмкүн болчу» («Acts—An Exegetical Commentary»).

Филип эфиопиялык төрөнүн жанына барганда, ал окуп жаткан. Ыйык Жазмада «[Филип] арабанын жанына чуркап барды да, төрөнүн Ышая пайгамбардын китебин окуп жатканын укту»,— делет (Элч. 8:30). Адатта, жүргүнчүлөрдү ташыган арабалар бат жүргүдөй кылып жасалчу эмес. Ошол себептен эфиопиялык төрө жолду карай окуп бара алган. Филип да аларды жөө эле кууп жеткен.

Эфиопиялык төрө «Филиптен арабага түшүп, жанына отурушун суранган» (Элч. 8:31). Жарышка колдонулган арабаларда, арабаны айдаган киши туруп барчу. Ал эми узак сапарга колдонулган арабалар кенен болчу, ошондуктан эфиопиялык төрө да, Филип да арабада отуруп кете алышкан.

Ыйык рух менен жазылган Элчилер китебинин 8-бөлүмүнө жана колдо бар тарыхий далилдерге ылайык, жакында эле адабияттарыбызга чыккан сүрөттө, эфиопиялык төрөнүн согушка же жарышка колдонулган арабаларга салыштырмалуу чоңураак арабада кетип баратканы тартылган.