Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Хулда максатына жеткен

Хулда максатына жеткен

ЭГЕР мындан бир нече жыл мурун Индонезиядагы Сангир аралына барсаңар, жээк бойлой жүргөн 3 ишенимдешибизди көрмөксүңөр. Алар ошол аралдагыларга Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам бергени менен таанымал. Бирок океандын жээгинде алар башка иш менен алек болушчу.

Индонезиянын түндүгүндөгү Сангир аралы

Негизи, ал ишенимдештерибиз таш майдалашчу. Ан үчүн алар сууну кечип, таштарды жээкке алып чыгышар эле. Айрым таштардын чоңдугу футбол тобундай болот. Анан жыгачтан жасалган кичинекей үстөлдөргө отуруп алып, таштарды балка менен жумуртканын көлөмүнөн да кичинекей кылып майдалашчу. Андан кийин майдаланган таштарды желим чакага салып алып, тепкич менен өйдө көтөрүлүп, үйүн көздөй жөнөшчү. Андан соң ошол таштарды жүк ташуучу машинеге жүктөш үчүн чоң каптарга салышчу. Таштар болсо жол салыш үчүн колдонулчу.

Деңиз жээкте таш чогултуп жүргөн Хулда

Хулда — ошол 3 ишенимдешибиздин бири. Анын башкаларга караганда иштегенге көбүрөөк мүмкүнчүлүгү болгон. Адатта, ал тапкан акчасын үй-бүлөсүнүн күнүмдүк жашоосуна сарптайт. Ал эми кошумча иштегенден тапкан акчасын башка бир нерсеге жумшоону чечкен. Хулда JW Library® тиркемесин колдонуш үчүн планшет алгысы келген. Ошентсе, кызматын жакшыртып, Ыйык Китепти тереңирээк түшүнө алмак. Анткени JW Library тиркемесиндеги видеолорду көрүп, башка материалдарды окуй алат болчу.

Ошондуктан Хулда таш майдалап дагы кошумча 2 саат иштейин деген. Ал бир жарым айдын ичинде эле чакан жүк ташуучу машине толо тургандай таш майдалаган. Акыры, планшет алыш үчүн жетиштүү акча чогулта алган.

Хулда планшети менен

Хулда мындай дейт: «Таш майдалап иштеп жатканда ырп эткенге алым калбай, колум жооруп, аябай кыйналгам. Бирок ошонун акыбети кайтты. Анткени планшет алгандан кийин кызматымды натыйжалуураак аткара баштадым. Жыйналышка даярдануу да кыйла жеңил болуп калды». Ал планшетинин пандемия учурунда да керекке жараганын айткан. Мисалы, аны менен жыйналышка катышып, кызматка чыга алган. Биз Хулданын максатына жеткенине аябай кубанычтабыз.