Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Бабылдын урандыларынан табылган кыштар, алардын жасалышы Ыйык Китептин тактыгын кандайча көрсөтүп турат?

АРХЕОЛОГДОР байыркы Бабылдан шаар куруш үчүн колдонулган аябай көп сандагы бышкан кыштарды казып чыгышкан. Роберт Кольдевей деген археологдун айтымына караганда, ошондой кыштарды бышырган мештер «шаардын сыртында болгон. Андай мештер чопосу жакшы жана отун кылганга бадалдар көп өскөн жерде жайгашчу».

Байыркы жазууларга ылайык, Бабыл башкаруучулары ошол сыяктуу мештерди адамдарды мыкаачылык менен жазалоо максатында да колдонушкан. Торонто университетинин профессору Паул-Элейн Боулью мындай дейт: «Бир нече бабыл жазууларында... падыша ага баш ийбегендерди же бабылдыктардын кудайларына урмат көрсөтпөгөндөрдү күйүп турган мешке ыргытууну буйруганы айтылган. Ошентип өлтүрүлгөн кишилердин тизмеси да болгон». Небухаданасар падышанын убагында жазылган бир жазууда: «Аларды мешке салып жок кылгыла, өрттөгүлө, куйкалагыла... Алардын түтүнү көккө көтөрүлсүн. Аларды оттун жалыны жалмап кетсин»,— делген.

Бул Даниел китебинин 3-бөлүмүндө жазылган окуяларды эске салат. Ошол тарыхый билдирүүгө ылайык, Небухаданасар Бабыл шаарынын сыртындагы Дур түздүгүнө бийик алтын айкел орноткон. Ошондо Шадрах, Мешах, Абетнего деген 3 жигит ага сыйынуудан баш тарткан. Буга Небухаданасар аябай ачууланып, «мешти адаттагыдан жети эсе катуу жагууну» жана аларды «алоолонуп күйүп жаткан мешке ыргытууну буйруган». Бирок периште ал үчөөнү өлүмдөн сактап калган (Дан. 3:1—6, 19—28).

© The Trustees of the British Museum. Licensed under CC BY-NC-SA 4.0. Source

Небухаданасардын аты чегилип жазылган кыш

Бабылда табылган кыштардын өзү да Ыйык Китептин так экенин көрсөтүп турат. Алардын көпчүлүгүндө падышаны даңктаган сөздөр чегилип жазылган. Ал кыштардын биринде мындай деп жазылган: «Мен, Бабыл падышасы Небухаданасар... мендей улуу падыша курган бул ак сарайда... менин тукумум түбөлүккө башкарсын». Бул сөздөр Даниел 4:30да жазылгандарга аябай окшош. Ал жерде Небухаданасар падыша: «Падышанын үйү болсун, улуулугум даңазалансын деп, кудурет-күчүм менен өзүм курган Улуу Бабыл ушул эмеспи!» — деген (Дан. 4:30).