Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Байыркы кумурага жазылган ыйык китептик ысым

Байыркы кумурага жазылган ыйык китептик ысым

2012-жылы казылып алынган 3 000 жылдык чопо кумуранын сыныктары жакында эле изилдөөчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Ал табылга эмнеси менен өзгөчө болгон? Изилдөөчүлөрдү сыныктардын өзү эмес, аларда жазылгандар кызыктырды.

Археологдор ал сыныктарды чогултушканда байыркы канаандыктардын жазуусун окушкан. Анда: «Эшбаал Бен Беда»,— деп жазылыптыр. Бул «Беда уулу Эшбаал» дегенди билдирет. Археологдор бул ысымды байыркы жазмалардан биринчи жолу жолуктуруп жатышат.

Ыйык Китепте да Эшбаал (Эшпал) деген ысым кездешет. Ал Шабул падышанын уулдарынан болгон (1 Жылн. 8:33; 9:39). Казуу иштерине катышкан профессор Йосеф Гарфинкель: «Ыйык Китепте Эшбаал деген ысымдын кездешкени кызыктуу. Ал Дөөтү падыша башкарган учур баяндалган билдирүүдө гана кездешет. Эми болсо археологиялык табылгада да кездешүүдө»,— дейт. Айрымдар бул ысым ошол мезгилде эле колдонулган деп эсептешет. Ырас, аталган табылга Ыйык Китепте жазылгандардын археологиялык далилдерге шайкеш келерин дагы бир ирет тастыктады.

Ыйык Китептин башка жеринде Эшбаал деген ысым Ишпошет деп да берилген. Ал ысымдын «баал» деген мүчөсү «пошет» дегенге алмаштырылган (2 Шем. 2:10). Эмне үчүн? Изилдөөчүлөр мындай деп түшүндүрүшөт: «2 Шемуел китебинде Эшбаал деген ысымдын колдонулбаганы ал ысымдын канаандыктардын бороон-чапкындын кудайы Баалды эске салганына байланыштуу болгон көрүнөт. Бирок ал кишинин чыныгы аты... Жылнаама китебинде сакталып калган».