Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Римдиктер Иса сыяктуу устунга кадалып өлтүрүлгөндөрдү мүрзөгө койгонго уруксат беришчү беле?

ИСАНЫН эки кылмышкердин ортосунда устунда кадалып өлтүрүлгөнүн көпчүлүк жакшы билет (Мт. 27:35—38). Бирок Исанын сөөгү устундан түшүрүлүп, мүрзөгө коюлганы жөнүндө айтылгандарды талашка салгандар бар (Мр. 15:42—46).

Инжилде жазылгандарды сындагандар устунга кадалып өлтүрүлгөндөрдүн адамча коюлганы күмөн деп шектенип келишкен. Алар римдиктердин ошол кылмышкерлердин сөөгүн эмне кылышканына байланыштуу таптакыр башкача ойдо болушкан. «Смитсониан» журналына макалаларды жазган Ариел Сабар аттуу журналист алардын эмне үчүн ошондой ойдо болгону жөнүндө мындай деген: «Адатта, киши катарынан чыгып калгандарды айкаш жыгачка кадап өлтүрүшчү. Римдиктер ошондой санда жок адамдардын татыктуу түрдө көмүлүшүнө уруксат берген деген ойду укканда эле айрым адистер чалкасынан кетишчү». Эмне үчүн? Римдиктер өлүмгө кыйылган кылмышкерлердин мүмкүн болушунча катуу маскара болуп, басынтылып өлтүрүлүшүн каалашчу. Ошондуктан алардын сөөгү ит-кушка жем болсун деп устунда илинген бойдон калтырып коюшчу. Андан кийин сөөктүн калган-катканын жалпы мүрзөгө ыргытып сала турган.

Бирок археологдор өлүм жазасына тартылган жүйүт элинен болгон, бери дегенде, бир нече кишинин калдыгын таап чыгышкан. 1968-жылы казуу иштери жүрүп жатканда 1-кылымда жашаган кишинин сөөгүнүн калдыктары табылган. Ал калдыктар Иерусалимге жакын жердеги жүйүт үй-бүлөсүнүн аскадан оюлган мүрзөсүнөн табылып, «оссуарий» деп аталган чакан таш табытка салынган экен. Алардын арасында бут кетмен да болгон. Ал жыгач тактага узундугу 11,5 см жез мык менен кагылыптыр. Ариел Сабар мындай дейт: «Бул бут кетмен Йехоканан аттуу кишинин бут кетмени экен. Ошентип, ал табылга Исанын мүрзөгө коюлганы жөнүндөгү Инжилдеги билдирүүнүн так экенине шек туудурган көптөн бери тыйылбай келаткан талашты токтоткон. Йехоканандын бут кетмени Исанын күндөрүндө римдиктердин устунга кадалып өлүмгө кыйылган жүйүттөрдүн тийиштүү түрдө көмүлүшүнө уруксат бергенин далилдеп турат».

Бул бут кетменден Исанын устунга кантип кагылганын так билүү кыйынга турат. Буга байланыштуу дагы деле ар кандай көз караштар бар. Бирок бул устунга кадалып өлүмгө кыйылгандардын жөн эле мүрзөгө ыргытылбай, адамча көмүлгөнүн да тастыктап турат. Ооба, Ыйык Китепте Исанын татыктуу түрдө мүрзөгө коюлганы жөнүндө жазылгандардын так экенине толук ишенсек болот. Буга археологиялык табылгалар да далил.

Баарынан маанилүүсү, Жахаба Исанын бай кишинин мүрзөсүнө коюларын алдын ала айткан. Анын сөздөрүнүн аткарылышына болсо эч ким, эч нерсе тоскоолдук кыла албайт (Ыш. 53:9; 55:11).